Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кемпир-Абад иши: абактагы ачкачылык, жети айга созулган тергөө

Кемпир-Абад иши: абактагы ачкачылык, жети айга созулган тергөө

"Кемпир-Абад иши" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча камакта жаткан саясатчылардын айрымдары бийлик менен абактын жетекчилиги басым кылып жатканын билдирип, кайрадан ачкачылык жарыялады.

Бул иштин тергелип жатканына жети ай болду. Адвокаттар тергөө дээрлик аяктап калганын, иш жакын арада прокуратурага жөнөтүлүп андан ары сотко өтүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Ачкачылык кармагандардын талабы

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында отургандардын арасынан беш адам 19-майдан бери саясий ачкачылык кармап жатышат.

Жаза аткаруу кызматы Атай Бешенбек, Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Айбек Бузурманкулов, Марат Баязов ачкачылык жарыялаганын, 22-майга карата алардын абалы жакшы экенин жана айрымдары аз-аздан тамак жеп баштаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, тергөө абагындагылар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Саясий ачкачылык кармагандардан Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да кабар алып чыкты. 

“Ачкачылык кармагандардын абалы жакшы. Тамактан баш тартып коюшкан. Суу ичип атышат. Талабы - ушул иш боюнча тергөө абагында отургандарды бир кабатта кармоо”, - деди аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков. 

Алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгаруу жана Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдык уулун (ред: Илгиз Шаменов) абакта буга чейин отурган бөлмөсүнө кайтарып келүү талабын коюп, ачкачылык кармаган.

18-майда Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилген. Жаза аткаруу кызматы муну пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы менен түшүндүргөн. Активист 19-майда “Фейсбуктагы” баракчасына билдирүү жарыялап ага телефонду “Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги бергенин”, абакка сырттан телефон киргизүү мүмкүн эмес экенин жазган. Атай Бейшенбек айып изоляторунан кайра 21-майда чыгарылды.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги бул окуя боюнча маалымат бере элек. “Азаттык” комментарий алуу үчүн бир нече жолу телефон чалып байланыша алган жок.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 22-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш иши боюнча жараянга алынып келген учурда акыркы окуялар тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Түрмөдө камерадан улам-улам которуу аябай жаман. Бизге басым кылып, бириктирип кайра чачып атышат. Биз муну басым, кыйноо деп эсептейбиз. Саясатта оппозиция бийликтин кайсы ишин мыйзамсыз, адилетсиз деп эсептесе анын баарын сындап чыкса болот. Бул дүйнөлүк практика. Кайсы гана өлкөдө болбосун бийлик ката кетирсе оппозиция аны айтат. Бул жер, коррупция башка маселелер болушу мүмкүн”.

Бул ишке байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагында отургандардын ичинен 10дон ашык адам былтыр жыл аягында да бир нече күн наар албай, ачкачылык жарыялашкан.

“Тергөө аяктап калды”

Ал тапта Ички иштер министрлиги (ИИМ) жети айдан бери иликтеп жаткан ишти тергөө аяктап калганы айтылды. Кемпир-Абадга байланыштуу иш менен абакта жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен журналист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев тергөөнүн жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берди:

“Тергөө аяктап калды. Ушул жумада иш менен тааныштырып башташы мүмкүн экени айтылган. Негизи тергөөнүн мөөнөтү июнь айында бүтөт. Сегиз ай тергеди болду да эми. “Массалык башаламандыкка чакыруу жана бийликти күч менен басып алууга аракет” деген эки айып коюшкан. Бул эми ойдон чыгарылган эле иш да. Алар (ред: Жеңиш Молдокматов менен Эрлан Бекчоро уулу) “сотто көрсөтмө беребиз” деп тергөөдө суроолорго жооп берген жок. Эч нерсе жок болсо тергөөгө эмне деп көрсөтмө бермек эле”.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек. Илгиз Сарылдык уулунун адвокаты Бакытбек Автандил уулу да Кантемир Турдалиевдин сөзүн ырастады.

“Бизге иш тергелип бүткөнү тууралуу маалымат берип атат. Эми иштин материалдары менен таанышкыла дешүүдө. Көбүнө эки берене боюнча айып таккан. Ал эми Илгизге (ред: Илгиз Сарылдык уулу) бир нече берене менен иш козголгон. Мурдагы “алдамчылык” боюнча кылмыш иши да бар экени айтылууда. Бирок ал иш буга чейин эле токтотулган экен. Аны ИИМдин Тергөө башкармалыгы мөөнөтү өтүп кеткенине карабай көтөрүп чыгып, басым кылып атат”.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу Кыргызстанда баш-аягы 27 адам кармалган. Алардын ичинен 16 киши - мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Марат Баязов, Илгиз Сарылдык уулу, Темир Махмудов, Талас облусунун мурдагы жетекчиси Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Бектур Асанов, журналисттер Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камакта.

Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калтырылды. Калган 11 киши ар кандай жагдайда үй камагына чыгышкан.

Абактагы талапкерлер

Президент Садыр Жапаров бул иш тууралуу буга чейин бир нече жолу пикирин билдирип, абакта жаткандарды “өлкөдө башаламандык уюштурууга аракет кылган” деп айыптаган.

Акыркы жолу 12-майда Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышып жаткан талапкерлерге жолукканда бул иш боюнча суроого жооп берди.

“Оппозиция болуп чыкканда да жүйөлү чыксаңар бир жөн. Биз жердин баарын берип жиберип туура эмес кылып жатсак анан чыксаңар булар туура эле чыгып атат кой кокуй деп тартынат элем. Колдоочулары болсо шайлап койсун, өтүп кетсе депутат болот. Анда кылмышына карабай чыгарганга туура келет. Кылмыш кылганы үчүн камалып жатат да, жөн эле көчөдөн алып барып камап койгон жок. Төңкөрүш кылам деп атат, акча таратып жатат. Өлкөдө мыйзам, тартип болуш керек. Мындан ары мыйзам чегинде гана тартипти сурап алабыз жана талап кылабыз”.

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда болот. Талапкерелердин арасында Равшан Жээнбеков, Акылбек Айтбаев жана Илгиз Сарылдак уулу да бар.

“Президент кайра-кайра телевидение, башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан укук коргоо органдарына, сотторго кыйыр да, түз да көрсөтмө берип жатат. Бул билинип эле турат. Кыргызстанда президент эмнени айтса, соттор ошону аткарат. Бизде акыйкатыкка, мыйзамдуулукка үмүт жок. Ошондуктан бардык чечимге даярбыз”, - деди Равшан Жээнбеков.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Обновление кирпичного дома 1959 года постройки завершено на юго-востоке столицы

В Тверской области искали карантинные объекты

По фестивалям! Главные события лета, которые туристы обязаны посетить

Стонала от горя. Мать убитого байкера Ковалева еле пережила новый суд

Музыкальные новости

Российские флаги снова вывесили на матче Евро-2024 между Англией и Сербией

В Пулково задерживаются шесть рейсов

Российские компании придерживаются собственного подхода в ESG

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Новости России

Стонала от горя. Мать убитого байкера Ковалева еле пережила новый суд

Синоптики уже пообещали россиянам тяжелое завершение лета: что нас ждет?

Замминистра обороны Иванов владел автомобилями с номерами за шесть миллионов рублей

Педагоги получили менее 500 рублей за проведение ЕГЭ в регионах

Экология в России и мире

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

Зубные щетки Revyline Perfect DUO и зубная паста Organic Detox против кариеса в Назрани

Сказка театра Ульгэр в Бурятии «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир волшебства - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети:

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

Спорт в России и мире

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе

Теннисистка Самсонова вышла в финал турнира в Хертогенбосхе

Самсонова поддержала Андрееску после победы над ней в финале турнира в Хертогенбосхе

Россиянка Людмила Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосе

Moscow.media

Прогулка по Москве 1962 года

Башенный комплекс "Ний" (Ингушетия)

Женщина провалилась в яму в центре Саратова. Начата проверка

Выплаты в ОСАГО в I квартале этого года выросли существеннее, чем сборы







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *