Олимпиада жана дүйнө чемпиондору Бишкекте
Бишкекте бүгүн, 4-июнда жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. “Бишкек Арена” спорт комплексинде өткөн таймаштарда алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды.
Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло медалга ээ болгон. Мелдештин урунтуу учурлары "Азаттыкты" сүрөт баянында.