Кыргыз жарандарынын Казакстанда болуу тартибин жөнөкөйлөтүү талкууланды
![Кыргыз жарандарынын Казакстанда болуу тартибин жөнөкөйлөтүү талкууланды](https://gdb.rferl.org/A897AE37-447C-4BA0-AA8B-C149A6BB22B7_w800_h450.jpg)
Ысык-Көлдө кыргыз-казак консулдук кеңешмесинин кезектеги сүйлөшүүлөрү өттү. Анда кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагында болуу тартибин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, тараптар жарандардын эки өлкөдө тең болуу режимин жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантмай болду.
Мындан сырткары, 7-июндагы иш-чаранын жүрүшүндө кармалган жарандар тууралуу ыкчам маалымат берүү, эки өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салуу жана кармоо маселелери боюнча чек ара кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү, тараптардын мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди таануу маселелери талкууланган.
Ошондой эле кароосуз жана камкордуксуз калган балдарды кайтаруу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү, Казакстанда мурда жазасын өтөп, шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган Кыргызстан жарандарынын маселелери тууралуу сөз болгон.
Казакстанда быйыл 27-январдан тартып миграциялык талап жана эреже катаалдашкан. Ага ылайык, Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Буга чейин алар Казакстанда чек арадан чыгып-кирип, чектөөсүз жүрө алчу.
Расмий Астана жаңы эрежени мыйзамсыз миграцияга каршы чара катары түшүндүргөн.
Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстандын 1,2 миллион жараны сыртта эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын 30 миңдейи Казакстанда. (КЕ)