Фермерлер сугат суунун тартыштыгын чечүүнү талап кылышты
![Фермерлер сугат суунун тартыштыгын чечүүнү талап кылышты](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-bd18-08db70c378ea_cx5_cy0_cw73_w800_h450.jpeg)
Бишкекте президенттик администрациясынын имаратынын алдына Ысык-Ата районунан келген 30дай фермер сугат суунун жетишсиздигине нааразы болуп акцияга чыгышты. Алар маселени чечүүнү бийликтен талап кылышты.
Алар менен Айыл чарба министрлигинин Суу-чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев жолугуп, эки күндүн ичинде маселе чечилерин айткан.
Былтыр дагы Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигинен нааразычылык акциясына чыгышкан. Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 миллиард сом бөлүп, сугат суунун маселесин чече турганын билдирген.
Күн ысыгандан бери Бишкек шаарында ичүүчү суунун таңкыстыгы курч көйгөйгө айланды. Шаардын түштүк-батыш тарабындагы жаңы конуштарга суу жетпей, нааразы болгон тургундар көйгөйдү тез арада чечүүнү талап кылууда. (TSh)