Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусиядагы текшерүүлөр: Кезек кыргыз мигранттарына жеттиби?

Орусиядагы текшерүүлөр: Кезек кыргыз мигранттарына жеттиби?

Орусияда иштеп жүргөн мигранттар текшерүүлөр күчөгөнүн айтууда. Мындай көрүнүшкө нааразы айрым кыргыз жарандары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул маселе каралып жатканын айтып, бирок мигранттарды мыйзамды так сактоого чакырды. Буга чейин Орусиянын бир нече аймагында иштеген тажик жарандарын текшерүү күчөгөнү кабарланган.

"Полиция 14 кишини алып кетип баратат..."

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын видео кайрылуусу 20-июнда социалдык тармактарга тарады. Анда Москвада кармалган ондон ашуун кыргыз мигранты күч органдарынын атайын автоунаасында кетип баратып, кыргыз президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган. Алардын арасында кош бойлуу келиндер да бар экенин видеодон көрүүгө болот.

Автоунаадагылардын бири аларды негизсиз кармашканын, бирок буга Кыргызстандын Москвадагы элчилиги реакция кылбай жатканын сындайт.

“Бир эле полиция бөлүмүнөн 14 кишини алып кетип баратат. Дагы башка жерлерден да ондогон мекендешибиз ушинтип барып соттолуп кетүүдө. Бизди кармагандан кийин дароо элчиликке кайрылалы деп, телефон чалдык, бирок албай коюшту. Эч кандай жардам жок. Көбүбүздүн документтерибиз туура, ага карабай соттойт азыр. Сот болуп жатканда бизди киргизбейт, эшикте туруп чечимдерди колго алып жатабыз. Котормочу, юрист өңдүү жардамдарды такыр унуттук. Президент мырза, ушу маселелерге көңүл буруп, биздин элчиликтин ишин текшерүүңүздү өтүнөбүз”.

Сахароводогу миграция борборуна күч органдарынын автоунаасы менен жеткирилгендердин арасында Саадаттын бир уулу бар. 22 жаштагы Эрнисти полиция 19-июнда кармаган. Бирок Саадат баласынын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт.

“Чертяновская метросунда болгон окуя. Уулума “мас абалында кармалды” деп туруп протокол түзүп, Сахарового жиберип салды. Ал беш маал намаз окуган, колуна тамеки албаган бала. Сот 2022-жылдын этегинде эле уулумду "каттоосу жок" деп, өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Бирок биз юристтер менен иштешип, сотко апелляциялык арыз жазып, иш аяктап калган. Полиция ага карабай кайрадан Сахароводогу борборго жөнөттү. Болбосо балам апелляциялык арыз бергенден бери бош отурган, иштетпей эле жүргөнбүз”.

“Нелегал” рейди

Учурда Орусиянын ири шаарларында “Нелегал” рейди жүрүүдө. Анын алкагында Борбор Азиядан барган мигранттар кармалып жатканы тууралуу видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга байма-бай тарап жатат.

Москвада беш жылдан бери эмгектенип жүргөн 28 жаштагы Үмүт аны 15-июнда полиция кызматкерлери көчөдө баратканда кармап, бөлүмгө алып барган.

Буга Үмүттүн колунда турган Москвадагы каттоосу тууралуу маалыматтын жалпы базадан чыкпай калганы негиз болгон.

“Полиция кызматкерлери кармап, бөлүмгө алып баргандан кийин ал жерде үч күн түнөдүм. Ал убакта документтерим сотко өтүп, мени өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган экен. Полиция кызматкерлери келип, он күн ичинде Орусиянын аймагынан чыгып кетишим керек экенин айтып, убактылуу камоочу жайдан чыгарышты. Кыргызстандын Москвадагы элчилинде иштеген юристтерге кайрылсам, алар “чыгып кетишиң керек” деген сөздөр менен гана чектелишти”.

Москвадагы кыргызстандыктарга укуктук жардам берген активист Чынарбек Базарбаев мындай көрүнүштөргө көп учурда мигранттардын өздөрүнүн шалаакылыгы себеп болуп жатканын айтууда. Анын айтымында, көптөгөн кыргыз мигранттары каттоосу тууралуу жасалма документ сатып алып, жыйынтыгында полициянын колуна түшөт. Ошондой эле элчиликти эмгек мигранттары менен иш жүргүзбөгөнүн сынга алды.

“Москвада эки айдан бери интернет жакшы иштебей, мигранттардын каттоосу бар база үзүл-кесил иштеп жатат. Муну күч органдарынын кызматкерлери деле моюнуна алууда. Жаңы базага ылайык, мигранттардын убактылуу каттоосу тууралуу маалымат чыкпай атат. Мындан улам иш тез эле сотко өтүп, үйдүн ээси менен бүт маалымкаттарды алып, процесстерде көрсөтүүгө аргасызбыз. Бирок мындай учурлар аз. Көпчүлүктүн колунда турган документи туура эмес. Алар эки-үч айдан кийин Кыргызстанга кетем деп документин узартпай койгондор, иш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөгөндөр. Күнүнө эле мага жүздөн ашык кайрылуу түшөт, анын 99% туура эмес документтин айынан кармалгандар”.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык кыргызстандык мигранттар Сахароводогу миграция борборуна барып, каттоодон өтүп келиши керек. Бул үчүн мекендештер эки-үч күндүк убактысын бөлүшү зарыл.

Бирок көпчүлүк Сахарового барбай, маселени тез чечүү жолдорун издейт. Мындан улам жарнама аркылуу тапкан алдамчылардын колуна түшкөндөр аз эмес экенин Чынарбек Базарбаев кошумчалады.

“YouTube, Телеграм же WhatsАpp аркылуу тараган жалган маалыматтарга ишенип алгандар кийин анын азабын тартууда. Жарнамада “Сахаровага барбай эле документиңди тез жана арзан бүтүрүп берем” деп жазылат. Албетте, бул жагымдуу сунуш. Бирок Москвада жүргөн кыргызстандыктар эле ал үчүн беркилерден олчойгон акча алат да же каттоосун жасап бербейт, же башка документин тууралап бербейт. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкө болгондуктан “бизге текшерүү болбойт” деп ишенип алгандар абдан көп. Бул да документтерди тууралабагандыкка себеп болууда. Мигранттар арасында кылмыштуулук күч алгандыктан да текшерүүлөр күчөдү. Полиция кармагандардын 90% документи туура эмес. Алардын көпчүлүгү “өлкөдөн чыгарып жиберүү” тууралуу документти колуна алып, чек арадан чыгып, кайра кайтып келе бергендер. Ал эми мыйзамсыз кармалгандардын саны аз. Аларды сот дароо кое берет, айып да салбайт. Бул жерде маселе консулдук жана элчиликте. Алар түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй атат. Элибиздин каттоо тууралуу так маалыматы жок”.

Бир жыл мурда каттоосу туура эмес болгон мигранттар 5 миң рубль айып пул төлөп, иштөөсүн Орусиянын аймагында уланта берүүгө уруксат болсо, азыр соттор дароо “өлкөдөн беш жылга чыгарып жиберүү” чечимин кабыл алууда.

"Ар бир кайрылуу көзөмөлдө турат"

Мигранттардын Орусиядагы элчиликтин ишине нааразылыгы боюнча мекеменин басма сөз кызматы жооп берди. Элчиликтин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунованын айтымында, учурда өкүлчүлүк журтташтарга өз убагында жардам көрсөтүүгө аракет кылууда.

"Кыргызстан Орусия менен биргеликте биздин жарандардын бул өлкөнүн аймагында жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү маселелерин карап жатат. Ал эми видео кайрылуу жасагандар боюнча элчилик кыргыз диаспора бирикмелеринин ресурстарын колдонуу менен видео кайрылуунун авторлорунун тек-жайын жана алардын жүргөн жерин аныктоо боюнча чараларды көрүүдө. Элчилик укук коргоо ишинин алкагында бул мекендештерге карата жеке маалыматтар келип түшкөн учурда сөзсүз түрдө тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт. Андан тышкары мекендештерге максималдуу жардам көрсөтүү үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктө алардын кайрылууларына ыкчам жооп үчүн түз байланыш номурлары иштеп жатат. Ар бир кайрылуу көзөмөлдө".

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишине сын-доомат көп айтылып келет. Өткөн жылдын август айында Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган жолугушууга байланыштуу сын-доомат айтылган. Анда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болушкан.

Бир айдан кийин, сентябрдын башында Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында мигранттар маселесинен улам Гүлнара-Клара Самат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматтан бошотуу сунушу президентке жолдонгон.

Элчи менен министр буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Соңку мезгилде Орусияда эмгектенип жүргөн борбор азиялыктарга, айрыкча тажик жарандарына көзөмөл күчөгөнү айтылган. Буга чейин

"Азаттык” радиосунун тажик кызматы бир нече аптадан бери Орусиядагы тажик эмгек мигранттарына күч түзүмдөрүнүн зомбулугуна кабылып жатканы жөнүндө кабарлаган.

“Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, май айында полиция жүздөгөн тажик мигрантын кармап, сабап, ондогону депортация болду.

Кара жумушта иштегендер гана эмес, мисалы, Комсомольск-на-Амуре шаарында окуган тажик студенттеринин тобу аларды милициянын атайын түзүмүнүн (ОМОН) кызматкерлери аёосуз сабаганын айтып беришкен.

Бирок Кыргызстан Тажикстандан айырмаланып, Орусия менен биргеликте Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Бул уюмдун ичинде башкы артыкчылыктардын бири катары бул өлкөлөрдүн жарандары тоскоолдуксуз аймакта миграцияга чыгып, жашаган жерин эркин тандоого, эмгек эркиндигине, иштин түрүн жана кесипти эркин тандоо жана башка артыкчылыктарга ээ болушу кажет экени айтылган.

Бирок бир катар эксперттер ЕАЭБдин ишине сын айтып, кагаз бетине жазылган макулдашуулар аткарылбай жатканын белгилеп келет.

Орусияда расмий 650 миң кыргыз мигранты бар экени маалымдаган, бейрасмий алардын саны бир миллиондон ашык. Ал эми тажик мигранттарынын расмий саны бул өлкөдө 333 миң кишини түзөрү айтылат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Лето удовольствий в Mango House Seychelles

Инспекторы выявили 38 тысяч неиспользуемых объектов в Подмосковье

Сделано в СССР. Первое историческое ралли в Москве стартует 2 июня

Лидера оппозиционной партии «Шанс» отпустили через три часа после задержания

Музыкальные новости

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ

ЦСКА шагнул к трофею // Команда обыграла УНИКС в первом матче финала Единой лиги ВТБ

Сотрудники Росгвардии обеспечили безопасность транспортировки ракеты-носителя «Союз-2.1б» и грузового корабля «Прогресс МС-27» на космодроме «Байконур»

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"

Новости России

Доллар обвалился на Мосбирже: такого не было давно

Фигуристка Туктамышева: я еще не ушла, я как бы взяла паузу

На Мальдивы – без лишних трат

Лето удовольствий в Mango House Seychelles

Экология в России и мире

Россиянам озвучили цены на отдых в Крыму, которые приятно удивили

Chanel, коллекция Resort 2025

Исполнитель хита “На Заре 2020” Сергей АРУТЮНОВ оживил ещё один хит из 20-го века и выпустил песню “Лететь” вместе с её создателями - группой Амега.

Стало известно, как туроператоры будут возить российских туристов на курорты Египта

Спорт в России и мире

Медведев пошутил о том, что часто проводит ночные матчи на турнирах «Большого шлема»

Теннисист Рублев вышел во второй круг Открытого чемпионата Франции

Последний танец Надаля и юбка Сюзанн Ленглен: 6 важных фактов о «Ролан Гаррос»-2024

Надежда Петрова высказалась о перспективах Арины Соболенко снова возглавить рейтинг WTA

Moscow.media

На Ямале воспитателя детского сада будут судить за истязание малышей

Летнее нижегородское утро.

Вечернее Подмосковье.

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *