Өзбекстан: президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды
![Өзбекстан: президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды](https://gdb.rferl.org/ABE98634-96D8-4F8A-A190-098CBC051CDE_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpg)
Өзбекстанда 9-июлга белгиленген президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды.
Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, 28-июнда башталган добуш берүүлөр 5-июлда жыйынтыкталат. Ага шайлоо күнү өзү катталган жерде болуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар катышууда.
8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.
30-апрелде референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.
Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышат.
Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат.