"Алты айда жетип, башпаанек алдык". Активисттин абактан АКШга жеткен жолу
Кезинде өз жеринде ийгиликтүү ишкердик кылган казакстандык активист Кайрат Султанбек кандуу Январь окуяларынан кийин "жапырт башаламандык уюштурган" деп айыпталып, абакка кесилген. Кийинчерээк мунапыс менен бошоп чыгып, АКШдан саясий башпаанек алган.