Дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунду ээледи
Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунду ээледи.
2023-жылга карата 18-июлда жарыланган рейтингде кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.
200дөй мамлекеттин ичинен Борбор Азия чөлкөмүнөн Казакстан 66-орунду (77 мамлекетке визасыз режим), Өзбекстан менен Тажикстан 78-орунду (59 мамлекет), Түркмөнстан 87-орунду (50 мамлекет) алды.
Тизменин башында Сингапур турат, бул өлкөнүн жарандары 192 мамлекетке визасыз барат. Андан ары Германия, Италия Испания, Жапония, Түштүк Корея турат.
Рейтингдин акыркы сабында Ооганстан, Ирак, Сирия - бул мамлекеттердин тургундары визасыз бара ала турган өлкөлөрдүн саны 30дун тегерегинде.
Рейтинг Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын маалыматтарынын негизинде чыгарылган. Индекс 2018-жылдан бери такай чыгарылат.