Бээжин министр Цинь Гандын "жоголушу" тууралуу маалыматы жок экенин билдирди
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги мекеме жетекчиси Цинь Гандын үч жумадан бери коом алдына чыкпай жатышы тууралуу "аларда эч кандай маалымат жок экенин" 20-июлда билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Дипломатиялык мекеме Цинь 11-12 июлда Жакартада өтө турган АСЕАН уюмунун министрлер жыйынына саламаттыгына байланыштуу бара албастыгын билдирген. Ал эми Йоханнесбургда 24- 25 июль күндөрү өтө турган БРИКС уюмунун саммиттине Коммунистик партиянын эл аралык алакалар бөлүмүнүн башчысы Ван И бара тургандыгы 19-июлда маалым болду.
Цинь Ган акыркы жолу 25-июнда Бээжинде орусиялык, шриланкалык жана вьетнамдык расмий адамдар менен жолугушууда көрүнгөн. Анын коомго чыкпай жатышы Кытайда түрдүү түкшүмөл пикирлердин жаралышына түрткү берди.
57 жаштагы Цинь Кытайдагы "жылдызы жанып келаткан" саясатчылардын бири деп саналат. Ал Кытайдын лидери Си Цзинпиньдин жардамчысы болгон. Кийин Кытайдын АКШдагы элчиси болуп дайындалып, эки жылдай иштегенден кийин былтыр декабрда Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине келген.