Грузияда жер көчкүдөн набыт болгондор 19га жетти
Грузин бийлиги 8-августта билдиргендей, куткаруучулар жер көчкүнүн алдынан дагы бир аялдан сөөгүн таап чыгышты. Өткөн жумада курорттук Шови шаарында болгон табигый кырсыктан өмүрү кыйылгандардын саны 19га жетти, дагы 16 адам дайынсыз болууда.
Бул окуяга байланыштуу Түштүк Кавказда жайгашкан бул мамлекет 7-августта аза күтүү күнү жарыяланды. Ал эми 8-августта өлкөдө 15 жыл мурда орус-грузин согушунан курман болгондордун элесине арналып баардык желектер түшүрүлдү.
Мындан 15 жыл мурда, 2008-жылы 8-августта Орусия менен Грузиянын ортосунда куралдуу жаңжал тутанган. Тбилиси Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалга чабуул коюуга жикчилдердин кол салуулары түрткөнүн айтып келсе, Москва өз жарандарын, жикчил аймактагы бейпилдик күчтөрүн коргогонун билдирген.
Беш күндүк согуштан кийин Орусия Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган.
Уруш ондогон адамдардын өмүрүн кыйган, миңдеген грузин там-ташынан ажыраган.