Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Археолог адистерибизге илимий уюштуруучулук жактан колдоо керек

Археолог адистерибизге илимий уюштуруучулук жактан колдоо керек

Заманбап Кыргызстандын тарых илимин өнүктүрүүдө опол тоодой салым кошуп жаткан изилдөөчүлөр – азганактай сандагы археологдор. Аларга көмөк көрсөтүү жана алардын санын кескин арттыруу зарыл. Тарыхчынын блогу.

 

Кыргызстандын жана ага чектеш тарыхый чөлкөмдөрдүн тарыхын терең изилдөө үчүн тармактык адистер зарыл. Алардын башкы сабында археологдор да турушу керектигин эч ким танбайт.

 

 

Жаш адистер жылуу сөзгө эле эмес, чыныгы камкордукка да муктаж

 

Он чакты жылдар бою ар бир археологиялык казуу мезгилин бошко кетирбестен, Кыргызстандагы бир катар археологиялык жайларды иликтеп келе жаткан мээнеткеч археолог окумуштууларыбыз бар.

Алардын арасында, маселен, кадырман археолог Любовь Михайловна Ведутова эжекебиз, ошондой эле жаш археологдор Валерий Кольченков менен Айдай Сулайманова жана башкалар бар.

Мында “жаш” сөзү да салыштырмалуу. Орозбек Солтобаев дээрлик 50нүн кырында кандидаттыгын жактады, Кубатбек Табалдыев 60тын кырында жактады. Алардын илимий салымдары жана эмгектери алда канча эртерээк бааланышы керек болчу.

Аты аталган Любовь Михайловна Ведутова эжекебиздин, мээнеткеч Валера Кольченконун, Айдай Сулайманованын табылгалары жана илимий салымдары тууралуу эле жарым китептик маалымат жаза алабыз.

Алар кабинетте жылуу жумшак отурчу адистер эмес.

Бир кызыктуу окуя эстен кетпейт.

1992-жылы, эгемендиктин алгачкы мезгилинде, мен чет өлкөлүк окумуштуулар менен Ысык-Көл тарапка бара жатып, Бурана тарыхый-археологиялык музей комплексине кире кеттим.

Буранага барсак, белгилүү археолог Дмитрий Фёдорович Винник (1927–2007) чалгы кайрап алып, ачык асман алдындагы музейде отоо чөптөрдү чаап жүрүптүр.

 

Кыргызстанды кыргыздардан кем эмес сүйгөн бул киши бизге КУУда чакырылган окутуучу катары археологиядан сабак берип калды. Ал кандидаттык диссертациясын да коргогон жок.

Кыргыздын көрүнүктүү археолог адиси Асан Кемелович Абетеков (1938–2021) дагы диссертация жактаган эмес. Бирок анын макалалары ЮНЕСКОнун томдуктарында жана башка кадыр-барктуу илимий жыйнактарда жарык көргөн. Дагы жакшы, ага 2002-жылы “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган.

(Башка да мисалдар бар, бирок тереңдеп отурбайын).

Археологдор ар жылы жаздан күзгө чейин тоо-талаага археологиялык иликтөөлөргө чыгып жүрүшүп, диссертация жактоо үчүн ЖАКтын бюрократтык талаптарына шайкеш иштерди аткарууга чолоолору да тийбей калат.

Дал ушундай маалда “пайгамбар тоого келбесе, тоонун өзү пайгамбарга келиши керек” болот.

Биз ушул тапта тарых илимдери жаатында археолог адистерди гана татыктуу эмгектерине ылайык илимий баяндамалар жасоо аркылуу илимий диссертацияларын коргоого шарт түзүү сунушун койгубуз келет.

Албетте, диссертация жактаган таланттуу археолог аалымдарыбыз бар.

 

XXI кылымда археология боюнча диссертация жактагандар

Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясында акыркы беш жылда археология адистиги боюнча эки гана окумуштуу өз диссертацияларын жакташты.

Археология жаатында диссертация жактагандардын бири – таланттуу жана мээнеткеч археолог Кубатбек Шакий уулу Табалдыев.

Ал 2022-жылы 28-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология, этнология, маданий мурастар институту менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу тарых илимдеринин доктору (кандидаты) илимий наамын коргоо боюнча түзүлгөн Д 07.21. 628 диссертациялык кеңешинде өзүнүн доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Ал эми археолог Орозбек Азекович Солтобаев 2018-жылы 22-июнда жогоруда аталган илимий мекемелердин Д 07.18.574 диссертациялык кеңешинде “Кыргызстандын орто кылымдардагы курал-жарактары VI-XIV кк.: (типтери, хронологиясы жана эволюциясы)” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Алардын экөөнүн тең илимий жетекчиси жана нускоочусу – даңазалуу археолог, кыргыз таануучу, курал-жарак таануучу, этнолог, маркум профессор Юлий Сергеевич Худяков (1947–2021) болчу.

Орто арада Орусиянын Новосибирск шаарында кандидаттык диссертацияларын коргогон айрым жаш адистерди эске албаганда, Кыргызстанда археология адистиги боюнча башка диссертация жакталбагандыгы өтө өкүнүчтүү.

Учурда КУУнун археология тармагы да камтылган кафедрасын жетектеп жаткан адис, профессор Темирлан Таштанбекович Чаргынов тээ 2006-жылы эле Новосибирск шаарында “Түштүк Кыргызстандын байыркы таш доору (Үй-Таш-Сай жергесинин материалдары боюнча)” (“Палеолит Южного Кыргызстана (по материалам местонахождения Юташ-Сай)”) деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

Анын илимий жетекчиси – даңазалуу орус археологу, академик Анатолий Пантелеевич Деревянко мырза.

Темирлан Чаргыновдун доктордук иши бышып калса да, алигиче жактай элек. Анын Баткендин Кадамжай аймагындагы жана башка аймактардагы байыркы таш дооруна (палеолит) байланыштуу илимий ачылыштары жана табылгалары камтылган макалалары Scopus маалымат банкында да тизмеге алынган.

Т.Чаргынов азыркы тапта кыргыз археологдору Ош мамлекеттик университетинин археология жана этнография жаатын камтыган кафедрасына адистик жардам берип жатышкандыгын айтты.

А.П.Деревянконун дагы бир шакири – Аида Калыдаевна Абдыканова айым 2007-жылы Новосибирск шаарында кандидаттык диссертациясын жактаган.

Аиданын диссертациялык эмгеги “Мангышлак жарым аралындагы байыркы таш дооруна таандык эстеликтер комплекси” (“Палеолитические комплексы полуострова Мангышлак”) деп аталат жана Казакстандын Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги байыркы таш дооруна таандык эстеликтерди изилдөөгө арналган. Демек, XXI кылымдын башында кыргыз археологдору жалпы Борбордук Азияны иликтеп жаткандыгына бул диссертация айкын мисал.

Ал эми археолог Күнболот Токтосунович Акматов 2017-жылы Новосибирск шаарында “Теңир-Тоодогу көчмөндөрдүн монгол доорундагы курал-жарактары жана ат жабдыктары” (“Вооружение и конское снаряжение кочевников Тянь-Шаня в монгольское время”) деген кызыктуу темада кандидаттык диссертациясын коргоду. Анын илимий жетекчиси – маркум профессор Юлий Худяков болчу.

Демек, уучубуз куру эмес.

Бирок диссертациясын жактаган археолог адистердин саны коңшу жумурияттардыкына салыштырмалуу өтө эле аз экендигин дагы мойнубузга алуубуз керек.

Кыргыз бийликтери жана ЖАК үчүн жогорудагы сунушубузду кеңейтип айтсак...

Азыркы учурда таш ыргытсаңыз эле  Кыргызстандын XX–XXI кылымдардагы тарыхынын көйгөйлөрү боюнча диссертация жактагандарга тийет. Алардын эч кимисинин беделин бөксөртпөстөн туруп, “илимдеги бюрократиялык алкакта” атамекендик археология адистигине чукул көмөк көрсөтүү аргасы ирээтинде айрым жаңы чараларды сунуш кылгыбыз келет.

Биздин оюбузча, Кыргызстандын Жогорку аттестация комиссиясы бир катар дасыккан археологдорго өз диссертацияларын илимий баяндама түрүндө жактоолору үчүн атайын долбоор даярдоосу талапка ылайык.

Бизге бул жаатта мыкты өрнөк (мисал) бар:

2022-жылы күзүндө Кубатбек Табалдыев өз ишин илимий баяндама түрүндө ийгиликтүү коргоду.

Анын расмий сын пикир ээлери (оппоненттери) – чет өлкөлүк таанымал археолог адистер болушту: биринчиси – археолог Мухтар Бакадырулы Кожаев (Кожа), тарых илимдеринин доктору, профессор, Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин илимий изилдөө борборунун илимий кызматкери, Түркстан шаары (Казакстан); экинчиси – археолог Любовь Николаевна Ермоленко айым, тарых илимдеринин доктору, Кемерово мамлекеттик университетинин археология кафедрасынын доценти, профессор, Кемерово шаары (Орусия Федерациясы); үчүнчүсү – археолог Жакен Кожахметович Таймагамбетов, академик, тарых илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Республикасынын Улуттук музейинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары (Казахстан).

Жетектөөчү мекеме катары илимий пикирди Орусиянын Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинин археология, этнография жана музеология кафедрасы сунуштады.

Дал ушундай эл аралык илимий талдоону жакынкы болочокто да улам-улам уюштуруу аркылуу биздин археологдорубуздун илимий баяндама түрүндөгү диссертациялык эмгектерин калыс, бейтарап сындоого кошумча мүмкүнчүлүк ала алабыз.

Мындай жактоо үчүн алдыңкы сапта, албетте, Темирлан Чаргыновдой эмгеги кеңири таанылган адистер тураары шексиз.

Албетте, диссертация ачык-айкын корголуп жаткан азыркы тапта чүргөмө иштер оңой-олтоң өтө бербейт. Диссертацияны илимий баяндама түрүндө жактамакчы болгон археологдор кеминде 6–7 жылдык ырааттуу талаа изилдөөлөрүн жүргүзүшү керек, деген сыяктуу чектөөлөрдү деле киргизсе болот.

Айтмакчы, Кыргызстандын археология илимине опол тоодой эмгек сиңирген, СССР маалында эле кандидаттык диссертацияларын жакташкан Бакыт Аманбаева, Кадича Ташбаева сыяктуу эжекелерибиз азыр дагы археология жаатында эл аралык байланыштарды чыңдоого салым кошуп келишет.

Тээ 1980-жылдары коммунисттик идеологиянын “лөктөрүнөн” болгон Аманбек Карыпкулов илимдин кандидаты боло туруп, Кыргызстан Компартиятынын Борбордук комитетиндеги кызмат ордуна таянып алып, Кыргызстан ИАсынын мүчө кабарчысы болуп шайлангандыгы тарыхта калды.

Ал эми археологдор Бакыт Аманбаева менен Кадича Ташбаева Кыргызстан УИАсынын мүчө кабарчысы түгүл, академиги болууга да татыктуу адистер. Кыргызстандын ЖАКы ал айымдарга буга чейинки окумуштуулук салымдарын эске алып, “профессор” наамын ыйгарса да толук болот.

Кадича Искандаровна Ташбаева 1987-жылы Ленинград (кийинки Санкт-Петербург) шаарында “Теңир-Тоо менен Алайдын эрте көчмөндөрүнүн маданияты: Хронология жана жергиликтүү варианттар маселелери” (“Культура ранних кочевников Тянь-Шаня и Алтая: вопросы хронологии и локальных вариантов”) деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

 Учурда ал КР УИАсынын Жамгырчинов атындагы Тарых, археология, этнология, маданий мурастар институту археология бөлүмүн башкарат.

Бакыт Элтындиевна Аманбаева 1993-жылы Санкт-Петербург шаарында “Монгол дооруна чейинки Чүй өрөөнүндөгү шаарлардын заттык маданияты (VI – XIII к. башы) жана маданий генезис көйгөйлөрү” (“Материальная культура городов Чуйской долины домонгольской эпохи (VI – нач. XIII вв.) и проблемы культурогенеза”) деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Ал Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Азыр деле бул эжекелерибиз алдуу-күчтүү, бирок эчкидей жашы калганга чейин күтүп отурбастан, эмитеден эле аларды да сый-урматка бөлөп, Кыргызстандын ар кайсы дубандарында археологиялык иликтөөлөрдү багыттоо үчүн устаттык кеңештерин ала беришибиз керек.

 

Новосибирскилик академик Анатолий Деревянко үчүн Алтай мамлекеттик университетинде (Барнаул) атайын кабинет даярдашып, анын мындагы археологиялык илимий багытты түптөөсүнө жана андан ары чыңдоосуна олуттуу шарт түзүп беришкендигин өз көзүм менен көрдүм.

Биздин дасыккан археологдор да санарип жана интернет доорунда батышында – Баткенден чыгышында – Караколго чейин облус борборлорундагы мамлекеттик университеттерде археолог адистердин чүйрөсүн түзүүгө салым кошо алышат. Бул үчүн археолог адистерге тиешелүү университеттерде шарт жаратуу керек, ал эми КР УИАсынын өзүндө аларга педагогдук иш-аракети үчүн ар аптада эки күндү (маянасын кыркпастан) ажыратуу талапка ылайык.

 

Археолог адистерге берилчү атайын дотациялык каржы – бул Кыргызстандын илиминин болочогуна бөлүнчү капитал. Айрым университеттер чет өлкөдөн түшчү акчага азгырылып, медициналык факултеттерге көңүл бөлүп, археология адистиги назардаг тышкары калып жаткандыгы өкүнүчтүү.

Эми курулай өкүнө бербестен, бул акыбалды оңдообуз зарыл.

Эгерде археологдорго учурунда мыкты шарт түзгөнүбүздө, анда “бакшыларга” шылтап туруп, 2017-жылы күзүндө атактуу мумияны Мамлекеттик тарых музейинен Баткенге алып бардырып, кайра көмдүрүп салган сыяктуу кейиштүү окуяларга, эстеликтерди жапайыларча талап-тоноп, артефакттарды тымызын түрдө чет өлкөлөргө сатып жаткан “кара археологдордун” кылмыштарына өз учурунда чындап бөгөт коюлмак болчу.

Эң башкысы – археологдордун жаңы муунун жетиштүү санда тарбиялоо мүдөөсүн жүзөгө ашыруу –  заамана талабы.

Азыр дагы кеч эмес.

Корообуздагы турмуш – XXI кылымдын 23-жылына гана таандык эмеспи...

 

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Отечественные компании тратят на маркетинг 20% от своего оборота

«Я люблю тебя, папа»: спектакль, который никого не оставит равнодушным

Свыше 3 тыс. кустов сирени расцвели на ВДНХ

«Мне поставили такие условия, я тут не при чем»: экс-тренер «Факела» Сергей Ташуев объяснил, почему не попрощался с командой

Музыкальные новости

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове

Гандболистки «Ростов-Дон» уступили ЦСКА в финале чемпионата России

Против незаконного визита Лукашенко в оккупированный и деарменизированный Карабах высказался не МИД Армении, а Тихановская. Фоторяд

Россия, Культура, Театр и Дети - о ПДД детям показали артисты постановку в театре кукол Ульгэр в Бурятии

Новости России

Синоптик Тишковец: в выходные 25 и 26 мая в Москве потеплеет до 27 градусов

Свыше 3 тыс. кустов сирени расцвели на ВДНХ

Отечественные компании тратят на маркетинг 20% от своего оборота

Тульский «Экспресс Офис» победил «Бенфику»

Экология в России и мире

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.

Семьи со всего Уральского федерального округа приняли участие в конкурсе «Это у нас семейное»

Спорт в России и мире

Диего Шварцман: «Два чилийца в полуфинале в Риме. Шесть латиноамериканцев в топ-30. А ATP в следующем году уберет один из турниров в Южной Америке»

Соболенко вышла в финал турнира WTA-1000 в Риме, в двух сетах обыграв Коллинз

Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу

Соболенко — Коллинз: белоруска выиграла первый сет в полуфинале Рима

Moscow.media

Фикс-тариф будет доступен всем пользователям BelkaCar

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Аул Куруш в Дагестане

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *