Гавайиде өрттүн курмандыктары 100дөн ашты
![Гавайиде өрттүн курмандыктары 100дөн ашты](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-c879-08db9c98ecfd_w800_h450.jpg)
Гавайидеги бир шаарды жер менен жексен кылган өрттөн мүрт кеткендердин саны жүздөн ашты. Бул тууралуу 15-августта штаттын губернатору Жош Грин билдирди. Буга чейин ал курмандыктардын саны жакынкы он күндүн ичинде эки же үч эсе өсүшү мүмкүн экенин эскерткен. Учурда сөөктөрдү идентификациялоо жараяны жүрүп жатат.
АКШнын президенти Жо Байден табигый кырсык болгон аймакка жубайы Жилл экөө мүмкүнчүлүк болор замат барышарын 15-августта журналисттерге жооп берип жатып айтты. Байден азыр барып алып, куткаруу иштерине тоскоолдук жараткысы келбегенин жүйө кылды.
8-августта токойлорду каптаган өрт катуу шамалдан улам калктуу конуштарга жайылып, жыл сайын эки миллионго жакын турист эс алган белгилүү курорт - Лахайна шаарын толугу менен жок кылды.
Губернатор Жош Гриндин айтымында, өрт дээрлик 1700 имаратты талкалап, миңдеген тургундар үй-жайсыз калды. 2020-жылдагы каттоо боюнча бул шаарда 12,7 миң киши жашайт.
Экологдор өрттүн айынан жер кыртышы бузулуп, суу булганып, аралдар, деңиз флора жана фаунасы үчүн маанилүү болгон маржандар кырылат деп кооптонуп жатышат.