Казакстанда көмүр шахтасындагы өрттөн эки адам каза тапты
![Казакстанда көмүр шахтасындагы өрттөн эки адам каза тапты](https://gdb.rferl.org/F9A5EC1D-8325-4120-8E6B-BC41E3779A8F_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Казакстандагы "Карагандинская" шахтасында 17-августтун таңында тутанган өрт эки кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Караганда облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди. Дагы үч жумушчуну издөө иштери уланууда.
Сегиз киши ооруканага жеткирилди. Алардын экөөнүн абалы оор. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, шахтанын ичиндеги 222 адам эвакуацияланды.
Өрт эмнеден башталганы азырынча белгисиз.
"Казакстанская" шахтасы 1969-жылы эксплуатацияга берилген. Ал "Арселор Миттал Темиртау" компаниясы иштеткен сегиз шахтанын бири.
Былтыр ноябрда ушул эле компанияга караштуу Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болгон.