Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз-казак чек арасы: ЕАЭБдин эрежелери эмнеге иштебейт?

Кыргыз-казак чек арасы: ЕАЭБдин эрежелери эмнеге иштебейт?

Жогорку Кеңеш келерки айда ишин баштаганда кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалды биринчилерден болуп карайт.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна вице-спикер Нурланбек Азыгалиев билдирди.

Ушу тапта чек арадагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде жүздөгөн жүк ташуучу машине казак тарапка өтө албай турат. Расмий Астана муну маңзатка каршы атайын операция менен түшүндүрдү. Коңшу мамлекеттин бул аракети Кыргызстан сугат суу берүүнү убактылуу токтоткон маалга туш келди.

Чек арадагы соңку жагдай Евразиялык экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана ага мүчө өлкөлөрдүн ортосунда жүктүн тоскоолдуксуз өтүшү тууралуу эреже, кошумча транзиттик жол тууралуу талкууларды кайра жандантты.

Маселе парламентте каралат

Кыргыз өкмөтү жана Экономика жана коммерция министрлиги казак-кыргыз чек арасында жаралган жагдайды жөнгө салуу үчүн кандай иш-аракеттер жасалып жатканы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул маселе парламент келерки аптада ишин баштаганда биринчилерден болуп караларын айтты:

"Иш башталып, сентябрь болсо бул маселени албетте көтөрөбүз. Билесиздер, кыргыз-казак өкмөттөрүнүн келишимдери, ЕАЭБдин алкагында келишимдер бар. Бул уюмдун алкагындагы келишимдерге ылайык, эч бир машина дайынсыз, жөндөн-жөн эле токтотулбашы керек. Мен алган маалыматтарга караганда, машиналарды казак чек арачылары токтотуп жатыптыр. Ошол жерде "маңзатка каршы операция жүрүп атат" деп жатышат. Мындай көрүнүш эми ар убакта эле болуп жатпайбы. Айрыкча жайында, айыл чарба өнүмдөрүн ташуу көбөйгөндө, сүт азыктарын жөнөтүүгө кедергисин тийгизип жатат. Азыр суу маселеси дагы чыгып калбадыбы. Суу Казакстанга эмес, өзүбүзгө жетпей калды. Өзгөчө Чүй облусуна жетпей жатат. Өкмөт бул маселеге байланыштуу өзүнүн иш-аракетин көрүп жатса керек. ЕАЭБдин ичинде Казакстандан келген министрлер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышса керек. Ал коллегиялуу орган болгондон кийин ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы каралышы керек. Мендеги маалыматка караганда, буга чейин саатына 15 машинадан өтчү дейт. 21-августта мисалы саатына бир машина өтүп жаткан экен. Мен экономика министринин орун басары менен улам сүйлөшүп атам, алар азыр сүйлөшүү жүргүзүп, саатына беш машинадан чыгарып жатабыз дейт. Жакында Арменияда ЕАЭБдин жыйыны болот экен, биздин өкмөт башчы казак кесиптеши менен бул маселени сүйлөшсө керек", - деди Азыгалиев.

Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев Кыргызстанда жүк ташыган машиналардын өткөрүлбөй жаткан себебин атайын кызматтын маңзатка каршы атайын операциясы менен түшүндүргөн. Анда чектөөнүн коммерциялык жүктөргө тиешеси жоктугун айтканы менен бул операция качан аяктарын тактаган эмес.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетиндеги абал тууралуу 22-августта кечке маал маалымат таратып, эч кандай чектөө жок экенин билдирди.

“Кандайдыр бир чектөө чаралары киргизилген жок, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Текшерүү убактысынын регламенти тыкыр сакталууда. Автотранспортторду өткөрүү сезонго мүнөздүү суткалык көрсөткүчтөн ашкан жок. Анын ичинен казак-кыргыз чек арасында дагы”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болгон. Ошондон бери Казакстан Кыргызстандан ар кандай себептер менен жүк өткөрүүгө тоскоолдук жараткан бир канча учур катталган. Мындан улам кыргыз өкмөт башчылары казак бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, бир канча жолу жыйындар болгон жана расмий Бишкек сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн билдирип келген.

"ЕАЭБ келишими боюнча тоскоолдук болбошу керек эле"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев соңку көрүнүш Кыргызстан тартыштыктан улам сугат сууну берүүнү убактылуу токтоткон учурга туш келгенин белгиледи жана жүк ташуудагы кыйынчылыктын саясий себеби бар экенин айтты.

"Кыргыз-казак чек арасында азыркыдай машиналардын топтолуп турганы чынында эле туура эмес нерсе. ЕАЭБдеги келишимге ылайык, эч кандай тоскоолдук болбошу керек эле. Машиналарды токтотуп жатканы - бул казак тараптын бизге карата саясий мамилеси. Биз албетте билип турабыз, бул суунун айынан болуп жатат. Азыр кайсы бир шылтоо менен жүктү өткөрбөй келишимдерди бузуп жатат. Жогорку Кеңеш ишин баштаганда биринчи болуп карайбыз. Бизде рычагдар бар. ЕАЭБдеги жана Дүйнөлүк соода уюмундагы келишимдерге ылайык, биз доо арыз жазсак болот. Анткени биздин мамлекет, ишкерлербиз аябай эле зыян тартып жатат. Азыр жашылча-жемишти сыртка ташый турган маал. Ушундай учурда жүктү кармап жатышканы - бул бизге карата туура эмес мамиле. Ошондуктан буга бизден дагы саясий чечим болушу керек".

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Астананын айынан чек арадагы жүк ташуу түйшүгү жаралган сайын кошумча транзиттик жол издөө маселесин күн тартибине чыгат.

Буга чейин кыргыз өкмөтү былтыртан бери “Түштүк коридор” аркылуу Орусияга барган транспорттук маршруттун долбоорун даярдап жатканы белгилүү болгон. Ал каттамга ылайык жүктү Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизине алып чыгып, андан ары түндүккө – Орусияга жеткирүү каралган. Бул долбоорду батыл ишке ашыруу аракеттери качан башталары азырынча белгисиз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги былтыр ноябрдан бери Москвада жана Ашхабадда министрлердин деңгээлиндеги бир нече жыйындар болгонун билдирген. Ушул жылдын башында дагы Астраханда Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн дагы бир жыйыны болгон. Расмий Ашхабад Каспийде паром ташуучу оператордук милдетти аткарууга ынтызарлыгын билдирип келет.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеевдин пикиринде, кыргыз тарап кошумча жолдорду чукул арада табууга аракет кылышы керек.

"Азыр ЕАЭБдин алкагындагы эркиндик деген нерсе жок. Башында жарыяланган эрежелер иштебей жатканын көрүп жатабыз. Азыр уюмдун эрежесин Кыргызстан менен эле Армения сактап жаткан. Биринчиден, транзиттик жүктү башка өлкөлөр аркылуу өткөргөнгө аракет кыла берүү керек. Тажикстан менен маселени чечип, ал жактан дагы транзиттик каттамды түзүү керек. Ошол эле Кытай менен абдан жакшы карым-катнашта болуш керек. Азыр экпорттун 70% Казакстан аркылуу өтүп жатат. Ушундай соңку жагдай Кыргызстан үчүн катуу сокку. Бир жолдон гана көз каранды болуп жатат".

"Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде машиналардын узун кезеги 20-августта башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы 23-августта Казакстанга кире албай жаткан машиналардын саны 500гө чамалаганын билдирди.

Өкмөт бир канча күндөн бери кезерип кезек күткөн айдоочулар үчүн чатыр тигип, ысык тамак, суу менен камсыздап жатканын кабарлады.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Число заболевших ботулизмом в Нижнем Новгороде увеличилось до 12

США уведомили РФ о приостановке действия пунктов налоговой конвенции 1992 года

Найденного повешенным в Ростовской области мужчину из Москвы похоронили 16 июня

Около 20 тысяч подростков трудоустроятся на летнюю работу в Подмосковье

Музыкальные новости

Филипп Киркоров, Люся Чеботина, SHAMAN – 25 ярких звезд в Открытой студии «Авторадио» на «Премии МУЗ-ТВ 2024»

Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир бурятской сказки, которое не оставит равнодушным ни одного зрителя

Сказка театра Ульгэр в Бурятии «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир волшебства - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети:

В аэропорту Пулково задержали девять рейсов и отменили еще два

Новости России

США уведомили РФ о приостановке действия пунктов налоговой конвенции 1992 года

Диетолог Писарева перечислила продукты, из-за которых можно заболеть ботулизмом

В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника

Токсичный бизнес: за медицинской помощью с симптомами отравления в Москве обратилось более 120 человек

Экология в России и мире

Modest fashion day 2024

Звуковые щетки для детей RL 035 Kids Pink от Revyline в онлайн-магазине Ирригатор.ру в Екатеринбурге

Prada, коллекция menswear весна-лето 2025

Жена туриста, убитого электрическим током во время купания в джакузи на курорте, подала в суд прямо с больничной койки

Спорт в России и мире

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе

Moscow.media

Храм Преображения Господня в Коммунарке

В Коми ввели штрафы за «склонение к абортам»

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Женщина провалилась в яму в центре Саратова. Начата проверка







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *