Экологияга зыяны аз транспортторго "жашыл номур" берилет
Экологияга зыяны аз транспорт каражаттарына "жашыл номур" берилип, айрым жеңилдиктер каралууда. Жогорку Кеңештин тармактык комитети 4-сентябрда "Кыргыз Ресбуликасынын айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев мыйзам долбоору коомдун жашыл жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында иштелип чыкканын айтты.
"Жашыл номур алгандарга транспорт салыгы 10% чейин төмөндөтүлөт. Машина токтотуучу жайлар акысыз болот, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пулдардын көлөмү 20-50% чейин азайтылат. Мындан сырткары айнекти караңгылатуунун баасы дагы 50% арзан болот", - деди эл өкүлү.
Депутаттын айтымында, бул мыйзам элдин акырындап электромобилге өтүүсүнө шарт түзөт. Ал лизинг маселеси дагы каралып жатканын кошумчалады.
Ордо калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланууда. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.
World Air Quality уюмунун индексинде жыл сайын күз-кыш айларында Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыгууда.
Декабрь айында Кыргыз гидрометеорология институту Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы, формальдегид заттары ченемден ашык экени атайын изилдөөдө аныкталганын билдирген
Абанын булганышынын бир себеби катары ЖЭБ, конуш жаккан көмүр, резиналардан чыккан түтүн жана автоунаалар экени айтылып жүрөт.
Кыргыз өкмөтү Бишкектеги ыштан арылуунун аргасын табуу үчүн жол картасын иштеп чыгып, мекемелер аралык комиссия түзөрүн билдирген. Илимий кызматкерлер, бир катар адистердин тобу соңку жылдарда борбор калаа гана эмес Ош жана Жалал-Абад шаарларында абаны кантип тазалоонун айласын издемекчи.
Жыл башында өкмөт башчы Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин айткан. (КЕ)