Ленин округу: кайра шайлоого катышуу солгун
![Ленин округу: кайра шайлоого катышуу солгун](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-865b-08dbb1cdc2f2_tv_w800_h450.jpg)
10-сентябрда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагындагы кайра шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у эркек, бешөө аялдар. Шайлоочулардын такталган саны - 127 239. Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда быйыл 28-майда шайлоо болгон.