Эл үйүнө кайтуудан чочулап турат. Мароккодогу катуу зилзаланын кесепети
Мароккодо жер титирөөдөн аман калгандарды куткаруу иштери уланууда. Акыркы маалыматтарга караганда, ишемби күнкү табигый кырсыкта каза тапкандар 2 миң кишиден ашты. Жабыркаган жерлерге азык-түлүк, дары-дармек, чатыр жеткирүү уланууда. Мечиттерде жекшембиде маркумдарга багышталып куран окулду. Соңку 60 жылдан бери мындай кыйратуучу зилзалага туш болбогон өлкөнүн бийлиги 2 миңден ашуун кишинин өлүмү тастыкталганын билдирсе, эксперттер алыскы аймактарга жетүү кыйын болгондуктан, бул сан өсүшү мүмкүн экенин эскертишти. Читать дальше...