Мароккодо зилзаланын курмандыктары өсүп жатат
Акыркы маалыматтар боюнча зилзаладан каза болгондор 2 миңден ашты. "Рейтер" агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен курмандыктар 2000ден ашканын жазды. Дагы 2000ден ашуун киши жараат алды. Алардын 1500дөйүнүн абалы оор.