Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Мамлекеттин эсебинен курулат". Бийликтин жаңы стадион куруу дымагы

Кыргыз өкмөтү Орок айылына 35 миң кишилик жаңы стадион курат. Аны “Градстройресурс” компаниясы долбоорлоп, президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасы кура турганы маалым болду. Курулушка канча каражат кетери жана ал качан бүтөрү айтыла элек.

Мамлекет өз каражатына курат

Президент Садыр Жапаров 30-август күнү Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Бир күндөн кийин, 1-сентябрда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек курганда жаңы стадиондун курулушуна токтолгон:

"Ал стадион толугу менен мамлекеттин акчасына курулат. 35 миң көрүүчүгө ылайык болот. Эл аралык мелдештерди өткөргөнгө ылайыкталып жатат. Дүйнөлүк стандартка жооп берет".

Стадион  үчүн Ороктон 20,78 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.

Долбоордо 1,5 миң жеңил машине жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Стадиондун беш кире бериши жана үч көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган бөлүктөр да салынат.

Стадион тик бурчтук формасында болуп, оюн талаасы FIFAнын стандарттарына ылайык - 105 х 68 метрди түзөт. Ушундай эле аянттагы машыгуу талаасы стадиондун жанына салынары айтылат.

Кыргызстандын футбол бирлигинин баш катчысы Нурдин Букуев буларга токтолду:

"Буга чейин стадионубуз эски болгондуктан көп эл аралык мелдештерди өзүбүздүн жергебизде өткөрө албай келгенбиз. Эми жаңы стадион менен биздин мүмкүнчүлүк кеңейип, эл аралык мелдештерди өткөрө алабыз. Андан сырткары бул биздин футбол боюнча курама командаларыбыз үчүн жакшы колдоо болмокчу. Анткени биз өзүбүздүн жергебизде футболдук мелдештерди канчалык көп өткөрсөк, футболчуларыбыз үчүн да, күйөрмандар үчүн да жакшы. Андан сырткары спорттук көрсөткүчтү жакшыртканга да жардам берет".

Тогуз жылдан берки убада 

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген.

Салынгандан бери үч ирет капиталдык реконструкциядан өткөн.  2015-жылдын жайында Кыргызстан менен Австралиянын дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу үчүн өткөргөн оюнунда эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ошондо эле жаңы стадион куруу талаптары байма-бай айтыла баштаган.

2019-жылы Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда ийгиликтүү ойноп кайтканда да стадион маселеси кайра көтөрүлгөн.

Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков футболду өнүктүрүү үчүн атайын программа иштеп чыгууну өкмөткө тапшырып, жаңы стадион куруу үчүн атайын жер тилкеси да бөлүнгөн.  

Андан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу өткөн жылы август айында башталарын билдирген. Ошондон бир жыл өткөндөн кийин гана Жапаров жаңы стадиондун курулушуна капсула салды.

Долбоор качан ишке ашат?

Спорт журналисти Адилет Темирланов жаңы стадион Кыргызстан үчүн өтө керек экенин, бирок бул долбоору ишке ашарынан күмөн санай турганын айтты: 

"Жаңы стадион курууну бизде үчүнчү президент убада берип жатат. Чынын айтсам, 2014-жылы Атамбаевдин учурунда эле жаңы стадион салуу тууралуу сөздөр башталган. Ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев да аралашып көрдү. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков бийликке келип, ал да стадион салып берем деп убада берген. Азыр эми Садыр Жапаров сөз берип атат. Бирок бирөөсү да убада берип, жер бөлүп, долбоордун макетин чийдирип же капсула салып элге жарыялагандан башка иш андан ары кеткен жок. Азыр жаңы стадион салынат деген маалыматка өтө кылдаттык менен мамиле кылам", -деген Темирланов жаңы стадионду аз каражатка деле салса болот деген ойдо:

"Спорттук имараттар жагынан кыйла аксап келебиз. Кандай болгон күндө да стадион болобу, спорт комплекс болобу, курулуп калса биз үчүн чоң жетишкендик болот. Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жаңы стадиондорду 1 же 4 миллион долларга чейин салышууда. Ал стадиондорго 15 миңден 25 миңге чейин көрүүчү батат. Бизге чоң стадиондун деле кереги жок. Сыйымдуулугу 35 миң киши болсо деле жакшы. Бирок чоң стадионду улам карап, оңдоп туруу керек болот. Ал көп тармактуу (көп функционалдуу) стадион болобу же футбол үчүн элеби? Анткени чоң стадионго электр энергиясы, суу көп кетет. Коммуналдык чыгымдары да көп болот. Коммерциялык жактан ал стадион өзүн-өзү акташы керек", - дейт Адилет Темирланов.

Учурда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эл аралык мелдештерди Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүп келет. Садыр Жапаров бул стадионду да жакшыртуу боюнча пландар бар экенин "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде белгилеген.

Кийинки учурда FIFAнын атайын инспекциясы бул стадион эл аралык ченемдерге жооп бербей калганы туурасында Кыргызстандын футбол федерациясына ишарат кылган. Бирок расмий Бишкек оюндарды бул стадиондо өткөрүүгө аргасыз экенин айтып, Эл аралык футбол ассоциациясына түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүп келет.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылды. Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген. Ачылуу аземине Садыр Жапаров өзү катышкан.

30-августта болсо Садыр Жапаров “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта менен "Барселона" футбол клубунун Бишкекте курула турган академиясынын пайдубалына капсула салган.

Учурда Кыргызстандын футбол курамасы ФИФА рейтингинде 97-орунда турат. Ушул жылдын июнь айында улуттук курама команда Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) уюштурган CAFA Nations Cup - 2023 мелдешинде ойноп, коло байге үчүн беттеште Оманга жеңилип, төртүнчү орунду ээледи.

Кыргызстандын футбол курамасы 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, мелдеште 1/8 финалга чейин жетти. 2022-жылы Азия кубогуна экинчи жолдомону алды.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Встреча с поэтессой Шахназ Сайн состоится 9 июня в Подмосковье

Фехтовальщики из Химок стали победителями турнира «Сурские клинки»

Путин заявил о надежном и прагматичном развитии отношений с Азербайджаном

Страны Прибалтики уведомят Россию о выходе из единой энергосистемы БРЭЛЛ

Музыкальные новости

Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».

Солнечные дети на сцене Кремля

Артисты – они все особенные!

Студия Звукозаписи в Москве. Создание Песен, Музыки, Аранжировок.

Новости России

Три выпускницы из Воскресенска сдали ЕГЭ на 100 баллов

Пилотный проект по аренде детских автокресел запустили в Химках

Депутат Мособлдумы Голубев: налоговая реформа не ограничит права граждан

Национальная литературная премия «Большая книга» объявила финалистов XIX сезона

Экология в России и мире

Началось вещание Детского радио в Хабаровске

Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе

Турецкие отели в шоке после банкротства крупнейшего туроператора: все оказались в долгах, как работать летом — непонятно

Работник СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» принял участие в экологической акции по очистке берега и дна озера Кенон

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев снялся с турнира ATP в Нидерландах из-за травмы

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

«Контракта на экипировку у меня до сих пор нет» // Теннисистка Анна Калинская о лучшем сезоне в своей карьере

Moscow.media

Делу время – ремонту срок. Эксперты обсудили, как ускорить ремонт после ДТП

На орловской трассе столкнулись микроавтобус «УАЗ» и тягач «Scania», груженный дисками вагонных колес

Планируете отпуск в России? В этих городах есть бюджетное жилье — называем список

CorpSoft24 и 3DiVi экспортируют биометрию в Африку и на Ближний Восток







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *