Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тажикстанда түркиялык ишкер дайынсыз жоголду

Тажикстанда түркиялык ишкер дайынсыз жоголду

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында жашаган түркиялык ишкер Корай Вуралдын дайыны ушул аптанын башынан бери чыкпай жатат. Аны түрк атайын кызматы Дүйшөмбүдөн Стамбулга күч менен чыгарып кеткени айтылууда.

Ал эми түркиялык депутат Өмер Фарук Гергерлиоглу Корай Вуралдын атайын учак менен Анкарага жеткирилгенин жазды.

Бирок тажик бийлиги бул маалыматты азырынча тастыктай да, төгүндөй да элек.

"Кронос" сайты Корай Вуралдын жакындарына шилтеме жасап, түркиялык ишкерди 16-сентябрь күнү эртең менен Дүйшөмбү шаарындагы Өзюрт ресторанынын жанынан сегиз киши кармап кеткенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, 46 жаштагы Вурал 17-сентябрда "Түрк аба жолдорунун" учагы менен Стамбулга жеткирилген.

АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы Фетхулла Гүленге жакын маалымат каражаттары, анын ичинен Samanyolu TV телеканалы Корай Вуралды атайын кызматтын өкүлдөрү салып кеткенин кабарлоодо.

Маалыматта Вурал буга чейин коопсуз өлкөдөн башпаанек таап берүү өтүнүчү менен БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарына кайрылганы жана анын жообун күтүп жатканы жазылган. Бирок "Азаттык" бул маалыматты тастыктай элек.

Ал эми түрк парламентинин депутаты Өмер Фарук Гергерлиоглу 18-сентябрда Bombardier Challenger 604 үлгүсүндөгү учак Анкарадан Дүйшөмбү шаарына учуп барганын, Корай Вурал дал ушул жеке учак менен Анкарага уурдап келингенин Твиттерге жазды.

Тажикстандын бийлиги Корай Вуралдын уурдалганы тууралуу маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек.

Жакындарынын айтымында, педагогика илимдеринин кандидаты Корай Вурал акыркы 28 жылдан бери Тажикстанда жашап келген. Көп жылдар бою Дүйшөмбүдөгү тажик-түрк лицейлеринин биринин директору болгон. 2016-жылы лицей жабылгандан кийин ишкерлик менен алектене баштаган.

Тажикстандагы тажик-түрк лицейлерин Фетхулла Гүлендин тарапташтары каржылап келген. 2016-жылы лицейлер зээндүү балдар үчүн мектептер деп өзгөртүлүп, аларды башкарган түркиялык "Шалола" компаниясы негиздөөчү макамынан ажыратылган.

Быйыл июлда "Диалог" илимий-маданий уюмунун мурдагы башчысы Эмсал Коч да Дүйшөмбүдөн уурдалып, күч менен Түркияга жеткирилген. Анда "Сөз эркиндиги боюнча Стокгольм борбору" (SCF) Bold басылмасына шилтеме кылып, Эмсал Кочту Түркияда террордук деп саналган Фетхулла Гүлендин уюмуна тиешеси бар деген кине менен кармап кеткенин кабарлаган. Борбордун маалыматына ылайык, Эмсал Коч Эрзурум провинциясындагы убактылуу кармоочу жайлардын биринде экени аныкталган.

Ушундай эле окуя 2021-жылы Кыргызстанда да болгон. Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап жаткан "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда Бишкекте жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Инандынын адвокаты Бишкектен аны кыргыз улутундагы үч адам уурдаганын, андан соң эртеси күнү Түркияга алып келишкенин "Азаттыкка" айтып берген.

Быйыл 17-июнда Түркиянын Жогорку соту Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

Соттук отурумга адвокаты менен катышкан Инанды Кыргызстандын жараны экенин, анын билим берүү мекемелери террордук уюмга тиешеси жоктугун айтып, өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

2022-жылы декабрда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Чалгын кызматы ФЕТО/FETO уюмуна (Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт – ред.) тиешеси бар делген 100дөн ашык киши кармалып, күч менен Түркияга алып келингенин билдирген.

Ал эми ай башында Түркиялык журналист Недим Шенер шектүүлөрдү кармоо иштери Коопсуздук иштери боюнча башкармалык, Юстиция министрлиги жана Улуттук чалгындоо кызматынын атайын операциялары менен жүзөгө ашып атканын жазды.

"Түркия бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн 112 өлкөсүндө жашаган 1429 ФЕТӨнүн мүчөлөрүн экстрадициялоо демилгесин көтөргөн. Ушул күнгө чейин Чалгындоо кызматы уюмдун 140 мүчөсүн Түркияга алып келди. Юстиция министрлиги учурда 112 өлкөдөн жалпысынан 1072 ФЕТӨ мүчөсүнүн экстрадицияланышы үчүн сот иштерин улантууда", - деп жазды Шенер.

2016-жылы 16-июлга караган түнү Түркияда аскерлер танктарды, аскердик учактарды жана тик учактарды колдонуп, төңкөрүш жасоого аракет кылганын президент Эрдогандын бийлиги билдирген. Кагылышуулар Түркиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Стамбул менен Анкарада да болгон.

Расмий Анкара бийликти кулатуу аракетинин артында АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен турган деп айыптап келет. Гүлен мындай айыпты четке кагып, бул окуяларга тиешеси жоктугун билдирген. Төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.

Ал окуядан бери түрк бийлиги Гүлен менен байланышы бар деген шек менен он миңдеген адамдарды, алардын ичинен жайкын тургундарды, журналисттерди, мугалимдерди кармаган. Ушундай эле кине менен он миңдеген адам жумушунан айдалган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Мастер-класс по большому теннису прошел в Химках

НПФ обяжут выявлять конфликты интересов

Андрей Воробьев анонсировал выход 40 новых автобусов на подмосковные маршруты

Басков назвал Киркорова на премии МУЗ-ТВ ведомым — устроил «прожарку»

Музыкальные новости

LG HVAC ACADEMY: ГОТОВИМ ПРОФЕССИОНАЛОВ ДЛЯ РАСТУЩЕЙ ОТРАСЛИ

Пожар у станции «Динамо» в Москве потушен

Сотрудники Дмитровского ОВО Росгвардии по Московской области приняли участия в спортивном празднике Динамо

LG ДЕМОНСТРИРУЕТ ПРОФЕССИОНАЛЬНЫЕ ДИСПЛЕИ С УЛУЧШЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ИСКУССТВЕННОГО ИНТЕЛЛЕКТА НА ВЫСТАВКЕ INFOCOMM 2024

Новости России

5 фактов про Троице-Сергиеву Лавру, главный русский монастырь

Овчинский: ОЭЗ «Технополис Москва» увеличит выпуск электрогрузовиков

Фестиваль «Времена и эпохи» в Москве познакомит гостей с древней цивилизацией

Дьявольские +38 градусов придут в Россию уже скоро: Вильфанд рассказал о самом жарком месяце

Экология в России и мире

В Москве пройдет выставка Евгении Васильевой «Между пороком и добродетелью»

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Петербургский Пушкинский бал

Более 340 тыс. кв м асфальта отремонтировали во дворах Подмосковья

Спорт в России и мире

Дзюба заявил, что был бы теннисистом уровня Сафина

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Самсонова вышла во второй круг турнира в Хертогенбосе

Moscow.media

Утро нового лета....

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

Во Владивостоке злоумышленники украли из сейфа 30,5 млн рублей

Прощайте, я от вас улетаю







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *