Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Тынчтык бербей, коркутуп жүргөн". Селекциядагы үрөй учурган окуянын чоо жайы

Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында 36 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнөн бычак жеп, оор абалда ооруканага түштү. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы ырастап, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин ырастады.

Азыркы учурда жабырлануучунун абалы оор. Дарыгерлер кан көп кетип калганын айтып жатышат.

"Эки күн мурун эле коркутуп кеткен"

20-сентябрга караган түнү Бишкектин чет-жакасындагы Селекция айылындагы көп кабаттуу үйдүн биринде үрөй учурган окуя болду. 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү таң атканча сабап, кулак, мурдун кескилеп салган. Ызы-чуудан ойгонуп кеткен кошунасы милиция чакырбаганда, окуя өлүм менен аякташы мүмкүн эле деди. 

Биз окуя болгон үйгө милиция менен кошо кирген жаран менен сүйлөшө алдык. Анын аябай коркуп калганы билинип эле турду. Жеке коопсуздугу үчүн атын атаган жок:

"Таңкы 7лерде ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Тыңшасам, "ыйлаба, ыйласаң таарынам" деген эркек кишинин үнү чыкты. Анан дароо эле милицияга кабарладым. Эшигин ачып жиберсек эле тиги зөөкүр ашканадан чуркап чыгып, милицияга кол салды. Аны кармап кетишти. Үйдүн ичи бүт кан. Мурдун, кулагын, бетин кесиптир. Мыкаачылык менен кыйнаптыр. Төртүнчү класстагы баласы нес болуп калыптыр. Аялды кайсы учурда бычактаганын кудай билет", - деди ошол жакта жашаган жаран.

Кошуналарынын айтымында, жабырлануучу менен ага кол салган жарандын ортосунда эки бала бар. Алардын бирөө окуя болгон учурда үйдө болгон. Келинди жакшы тааныгандар мурдагы күйөөсү буга чейин да коркутуп жүргөнүн, бул боюнча милицияга кайрылганын да айтып беришти.

"Мен муну үйгө эмнеге киргиздиң эле деп сураганга жетиштим. Көрсө таң атпай жумушка кетейин деп эшикти ачканда кирип келиптир да. Андан эки күн мурун эле коркутуп кеткенин айтып берген. Мен билишимче, булар сот аркылуу ажырашкан. Бирок күйөөсү такыр тынчтык бербей, коркутуп жүргөн. Баарыбыз коркуп отурабыз", - деп калтырап айтып берди ошол үйдө жашаган жаран.

Сокулук райондук милициясы "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен иш козгоп, 39 жаштагы жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизген. Милициянын маалыматында мындай деп жазылат:

“2023-жылдын 20-сентябрь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Селекция айылындагы көп кабаттту үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран денесине бычак келтирилген жаракаттар менен ооруканага жеткирилгендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди”.

Милициядан кылмышка шек саналган жаран боюнча буга чейин да кайрылуу түшкөнбү же жокпу дегенди тактоого мүмкүн болгон жок.

"Көп кан жоготкон"

36 жаштагы келин Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, 11:30дан тарта операция жасала баштаган. Биз кечки саат 5те барганыбызда операциядан чыга элек экен.  Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов бейтаптын абалы боюнча буларды айтты:

"Бетиндеги, моюнундагы жарааттарын тигип койдук. 16:30дагы маалымат боюнча, кулагына операция жасалып жатат. Операция учурундагы абалы туруктуу болгону менен, оор. Анткени көп кан жоготуп койгон. Бул абалдан чыгарып алганга аракет кылып жатабыз. Кулак менен мурундун саат канчада кесилгенин, бизге келгенче канча туруп калганын тактап атабыз. Анткени бул дене мүчөлөрүн калыбына келтирүү үчүн маанилүү. Бейтапты алдыда дагы операциялар күтүп турат".

Күйөөсүнүн зомбулугунан майып болуп калган же ажал тапкан коркунучтуу окуялар буга чейин да катталган. Аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөткөндөргө карата жазаларды катаалдаштыруу, алдын алуу чараларын күчөтүү аракеттерине карабастан, мындай окуялар токтобой келүүдө. Айрым укук коргоочулар буга сот адилеттигинин начардыгы, укук коргоо органдарынын кайдыгер мамилесинин да таасири тийип жатканын белгилейт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Похож на папу. Читатели aif.ru помогли Герману, оплатив пластину для черепа

"Метриум": больше всего квартир продается на юге, западе и северо-востоке Москвы

Лекарства уже не помогают. Ване нужны пластины для реконст­рукции черепа

Баллы добра. Новости фонда «АиФ. Доброе сердце»

Музыкальные новости

В рейтинге развития Тамбовская область за 2023 год опустилась на три места

В Бурчтии в театре кукол «Ульгэр» 14-16 июня пройдут «Волшебные выходные»! - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

Сергей Собянин: Активно укрепляем отношения с Китаем

Новости России

Лекарства уже не помогают. Ване нужны пластины для реконст­рукции черепа

Экс-владельца лизинговой компании «Трансфин-М» Тайчера задержали в Москве

"Метриум": больше всего квартир продается на юге, западе и северо-востоке Москвы

Похож на папу. Читатели aif.ru помогли Герману, оплатив пластину для черепа

Экология в России и мире

Работы по ремонту детского сада на улице Строителей в Реутове завершены наполовину

СЛД «Красноярск» компании «ЛокоТех-Сервис» получило право ремонтировать грузовой электровоз «Ермак» в объеме ТР-2

Prada, коллекция menswear весна-лето 2025

Сказка театра Ульгэр в Бурятии «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир волшебства - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети:

Спорт в России и мире

Самсонова поддержала Андрееску после победы над ней в финале турнира в Хертогенбосхе

«Ну и где здесь «группа смерти?» ATP показала, каким был бы Евро-2024 с теннисистами

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине

Россиянка Людмила Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосе

Moscow.media

В центре Орла машина сбила двух пешеходов

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

BIA Technologies повысила производительность сборки специй в компании FOSFOREL на 15%

Мобильный принтер этикеток iMove T3Pro - лёгкий, производительный, компактный







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *