Орусия күйүүчү майдын экспортуна тыюу салды
![Орусия күйүүчү майдын экспортуна тыюу салды](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-cddf-08dbaace1074_cx0_cy15_cw95_w800_h450.jpg)
Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салды. Мындай чечим түшүм жыйноо өнөктүгүндө жогорулаган ички бааларды турукташтыруу үчүн кабыл алынганы айтылат.
Өкмөттүн токтому расмий жарыяланган жок. Бирок премьер-министрдин басма сөз кызматы жана мамлекеттик органдар тыюуну “убактылуу чектөө” деп атоодо. Алардын жүйөсүндө бул чара ички рынокту толтуруу үчүн кабыл алынган.
20-сентябрда вице-премьер-министр Александр Новак өкмөт өкүлдөрү бааларды чектөө боюнча радикалдуу чараларды көрүүгө даяр экенин билдирген. "Свобода" радиосу дүң баалар Санкт-Петербург биржасынын маалыматы боюнча төмөндөй баштаганын, бирок чекене баалар өзгөрбөгөнүн жазды.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин биржа баасы бейшемби күнү тоннасына 61,8 миң рублди түздү. Жайкы дизелдик май 71,8 миң рублга барабар. Адистер 31-июлдан бери күйүүчү майдын баасы тоннасына 25% өскөнүн белгилешүүдө.
Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусиядан алат.