Тоолуу Карабактагы жарылуу 20дай кишинин өмүрүн алды
Акыркы маалыматтар боюнча жабыркагандар 300гө чукулдады. Ооруканадагы ондогон кишинин абалы оор экени кабарланды. Талаштуу аймак Азербайжандын карамагына өткөндөн кийин Арменияга жер которууга мажбур болгондордун агымы күчөдү. Ереванде болсо бийликке каршы нааразылык уланып, көчөлөрдү тосуп атышат.