Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сейфтен алынган акча чыры, прокуратурага сын

Сейфтен алынган акча чыры, прокуратурага сын

Башкы прокуратура бөлүм башчы Рустам Абдырасуловдун сейфте сакталган 762,5 миң долларды алып кеткени тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда бул акчаны казинодо уттуруп жибергени тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды.

Мунун алдында Абдырасуловдун кылмыш ишин тергөөдө далил буюм катары алынган ири суммадагы акчаны кумарканада уттуруп жибергени жөнүндө маалыматтар чыккан.

Бул окуя тергөөдө алынган далил буюмдардын сакталышы, көзөмөлдөөчү органдардагы кадр саясаты, коррупция тууралуу талкууларга жем таштады.

Башкы прокуратура Рустам Абдырасулов алган 762,5 миң доллардын таржымалы жөнүндө 28-сентябрда кечинде түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, бул акча жасалма документтердин негизинде 1,5 миллиардга жакын рублди чыгарып кетүү фактысы иликтенип жатканда өндүрүлгөн. Мунун негизинде банк кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, учурда тергөө уланып жатат.

Ошол эле маалда башкы көзөмөлдөөчү орган Абдырасулов камалганын ырастап, ал акчаны казинодо уттурган эмес деп айтууда.

"Башкы прокуратура айыпталуучулардан 20 миллион доллар өндүрүп, каражат ээлерине, тактап айтканда орусиялык ишкерлерге кайтарылган. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагыраагы, 762,5 доллар жума күнү, жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү аяктагандыктан, ал акчаны Рустам Абдырасулов кызматтык сейфине убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу. Бирок апта башында Абдырасулов үч күн жумушка чыкпагандыктан инвентаризация жүргүзүлгөнү жана сейфте акча жок экени аныкталган. Ага дароо кылмыш иши козголуп, кармалган. Анын жакындары 762 500 долларды алып келип, тергөөгө өткөрүп берген. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары кумар оюн-зоок жайларынын кардары боло албайт. Ошондуктан "прокуратура кызматкери казиного, кумарканага" барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден, мындай чоң акчаны Абдырасулов казиного уттурса, анда анын туугандары акчаны кайтарып бермек эмес", - деп жазылган маалыматта.

Башкы прокуратура жабырлануучу тараптын өкүлү деген адамды дагы видеого тартып тараткан. Анда ысымын атабаган адам столдун үстү толо акчаны алып жатканын айтып, прокурорлорго ыраазылык дагы билдирген.

"Бүгүн 28-сентябрь. Мен ири суммадагы акчанын кымырылып кеткен иштеги жабырлануучу тараптын өкүлүмүн. Азыр зыяндын ордун толтуруунун негизинде 762,5 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жатам. Былтыр кымырылып кеткен 1,5 миллиард рублдин жалпысынан 20 миллиондой доллар өндүрүлдү. Иликтөө жүргүзгөн бардык кызматкерлерге ыраазылык билдирем".

Башкы көзөмөлдөөчү орган бул иштеги орусиялык ишкерлер кимдер экенин маалымдаган эмес жана алардын 1,5 миллиард рублинин кымырылышы тууралуу дагы түшүндүрмө берген жок.

Деген менен бул окуя коомдо талаш-талкуу жаратты.

Парламенттин соңку жыйынында дагы маселе көтөрүлүп, депутаттар Медер Алиев менен Шайлообек Атазов башкы прокурор Курманкул Зулушевден түшүндүрмө талап кылды.

"Бул түзүгүрөөк укуктук өлкөдө такыр орун албашы керек болгон акылга сыйгыс учур. Укуктук өлкөдө ошол кызматкердин начальниги, башкы прокурордун ушул тармакты көзөмөлдөгөн орун басары чукул отставкага кетиши керек болчу. Башкы прокурор өзү так түшүндүрмө бериши керек. Прокуратура деген мыйзамдын так сакталышын көзөмөлдөгөн орган. Биз баарыбыз прокуратурага кайрылабыз. Эгер ал жакта ушундай окуялар болуп жатса, райондук, облустук эмес Башкы прокуратуранын деңгээлинде болуп жатса, анда сөз жок", - деген Алиев.

Бул окуяга байланыштуу "Азаттык" кезинде прокуратура органдарында жогорку кызматтарда иштеген парламенттин экс-депутаты Курмантай Абдиевдин пикирине кызыкты. Ал азыркы кызматкерлердин ишине баа бере албай турганын айтып, ошол эле маалда баары мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иштеши керектигин белгиледи:

"Биз иштеген убак менен азыркы убактын айырмасы асман менен жердей. Азыркы балдардын жумушуна баа бергенден алысмын. Аны азыр иштеп жаткандардан алсаңар болот. Кантип иштеши керектиги Конституцияда, прокуратура тууралуу мыйзамда турат. Ошол мыйзамдардын чегинен чыкпай эле милдеттерин аткарышы керек. Азыр мындай, эки жылдан кийин андай иштеши керек деген норма жо".

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөөдөгү далил катары алынган акча, баалуу буюмдар жоголуп кеткен учурларга токтолду. Мындан улам далил заттарын сактоонун жол-жобосу суроо жаратарын белгиледи:

"Тергөөгө тиешеси бар органдар, прокуратура, Ички иштер министрлиги дагы, дагы башка жооптуу органдарда дагы ушундай тажрыйба көп. Мисалы, МАИде иштеген бир кызматкер 100 доллар алды деп кармалып, атайын кызматтын тергөө абагында каза тапкан. Анын ишиндеги материалда 100 доллар алган деп жүргөн. Ал каза болгондо мен ишине катышып калгам, ошондо ал алды деген 100 доллар дайынсыз жок болуп кеткен. Аны 100 доллар алгансың деп камашкан да, анын айынан тигил 40ка чыга элек жаран өлүп калууда. Ошол акча кайда кеткен, ким алганы белгисиз бойдон калган. Анан 700 миң доллардын маселеси абдан ойлонтчу жагдай. Демек, далил буюм катары алынган курал-жарак, баалуу буюмдардын, акчанын, наркотиктин сактоонун жол-жобосу жок экен да. Демек, сейфке катып койдук деп эле жүрө беришет экен. Кааласа иштетип койсо дагы болот турбайбы деген ой жаралат".

2019-жылы Улуттук коопсуздук комитетинде пара алуу беренеси менен козголгон кылмыш ишинде алынган 200 миң доллардын дайыны чыкпай жатканы, акча тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кеткени тууралуу маалыматтар чыккан. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөн. Атайын кызмат дооматты четке каккан.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев соңку окуядан улам прокуратура органдарындагы кадр маселесине токтолду. Ал мындай жагдайда тийиштүү адамдардын баарынын жоопкерчилиги каралышы керек деген ойдо:

"Ошончо ири суммадагы акчаны тергөөчүнүн сейфине сактоо тууралуу мыйзамда деле жок болсо керек. Бир эле адамды камоо менен чектелбей, башка кызматкерлердин, жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керек. Ошол кызматкерди ушул деңгээлге жеткирип, көтөрмөлөп келгендердин дагы жоопкерчилиги каралышы керек. Ал ошол кызматка өз күчү, бешене тери менен жеткенби деген дагы суроо туулат. Болбосо канчалаган тажрыйбалуу кызматкерлер ордунан көтөрүлө албай жүрөт. Ушул окуя эми баарына сабак болуп калат деп деле айта албайм. Биздин мыйзамдарыбыз, кадр тандообуз дагы коррупцияга жол берет ".

Башкы прокурор Курманкул Зулушев соңку окуя тууралуу өзү үн ката элек.

Мындан туура бир жыл мурда, ноябрда президент Садыр Жапаров прокурорлорду кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, социалдык жана экономикалык өнүгүү көбүнесе көзөмөлдөөчү органдарынан көз каранды экенин билдирген. Ошондой эле алар мыйзамдуулуктун кепилдиги экенин эскерткен.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

МИД готовит документы для создания магазинов беспошлинной торговли в Петербурге

Собянин сообщил о планах развития специализированной медпомощи в Москве

В Рыбинске торжественно откроют филармоническое собрание

Армия Республики Конго предотвратила госпереворот

Музыкальные новости

Разгром в Москве и драма в Сочи: «Динамо» без труда сохранило лидерство, но «Краснодар» остался в гонке за золото РПЛ

Россия, Культура, Театр и Дети: ПДД обучает спектакль театра кукол Ульгэр

"Спартак" обыграл "Рубин" в последнем матче Джикии

Легенда "Крыльев" Бобер назвал Горшкова способным заиграть в топ-клубе РПЛ

Новости России

Лавров: лидеры стран Запада врут, когда обвиняют РФ в перекрытии поставок газа

В Алатыре простятся с 28-летним рядовым, погибшим на СВО

СК назвал отравление психотропами возможной причиной смерти школьницы в Москве

Внутренний туризм в России в 2023 году достиг рекордной отметки в 78 млн

Экология в России и мире

Сотрудники СЛД «Курск» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» продолжают проводить экологические акции

Против незаконного визита Лукашенко в оккупированный и деарменизированный Карабах высказался не МИД Армении, а Тихановская. Фоторяд

Выставки индустрии моды в Москве

МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.

Спорт в России и мире

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Свёнтек выиграла десятый «тысячник» в карьере

Джокович выступит на турнире АТР по уайлд-кард в третий раз в карьере

Первая ракетка Казахстана вышла в финал турнира WTA в Италии

Moscow.media

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Docrobot провёл бизнес-встречу, посвящённую технологии электронного обмена данными (EDI) в ритейле

Появилось фото части крупнейшего известного ударного кратера нашей системы

16-летнюю Volvo продали за рекордный срок







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *