Вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапкан окумуштуулар Нобел сыйлыгын алды
Медицина жана физиология жаатындагы Нобель сыйлыгы быйыл венгриялык окумуштуу Каталин Карико жана америкалык илимпоз Дрю Вайсманга берилди.
Сыйлык аларга РНКнын (рибонуклеин кислоталары) негизинде вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапканы үчүн ыйгарылды.
Коронавируска каршы вакцина бул окумуштуулар ойлоп тапкан жол менен чыгарылган.
"Дүйнө COVID-19 пандемиясын башынан өткөрүп, дагы башка эпидемиялар күтүп турган мезгилде, алардын эмгеги баа жеткис", - деп жазылат Нобель комитети тараткан билдирүүдө.
Карико жана Вайсмандын 1990-жылдардын башында баштаган иликтөөлөрү молекулярдуу биологиянын өнүгүшүн тездетип, РНКнын иммундук система менен иштөөсүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берген.
Өткөн жылы бул сыйлык швециялык генетик Сванте Паабого адамдын эволюциясынын генетикалык негиздемесин ачканы үчүн ыйгарылган.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын 2022-жылкы лауреаты 6-октябрда белгилүү болот. Ага чейин физика, химия, адабият жаатындагы сыйлыкка татыгандар аныкталат.
Лауреат болгон адам тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат.