БУУ Газадан 200 миңдей киши жер которууга мажбур болгонун билдирди
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык кеңсеси 10-октябрда билдиргендей, Газада төртүнчү күнү катары менен уланып жаткан калабада 200 миңдей киши үй-жайын таштап кетти же кетүүгө камынууда. Бул сан Газадагы калктын дээрлик ондон бирин түзө турганын Reuters агенттиги жазды.
Спикер Йенс Лаерке Женевадагы брифингде билдиргендей, жер которгондордун көбү мектептерде баш калкалап жатышат.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Газадагы саламаттык сактоо мекемелерине өткөн апта соңунан бери 13 кол салуу болгонун, дары-дармектер түгөнүп баратканын маалымдады.
10-октябрга караган түнү Израилдин согуштук учактары Газада ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн аймактарга бир канча чабуул койгонун эл аралык басылмалар жазышты.
7-октябрда эртең менен АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Буга жооп катары Израил армиясы Газага сокку уруп, аймакты курчоого алды.
Эки тараптан өлгөндөрдүн саны акыркы эсептөөлөргө ылайык, 1600дөн ашты.