Байбиче менен жалгыз бой энени каматкан Фейсбуктагы пикир
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Таш-Көмүр шаарынын 75 жаштагы тургуну Салия Таштанованы жана Кочкор-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну Чыныгүл Шеркулованы 6-октябрда кармаганы, Жалал-Абад облустук соту аларды 4-ноябрга чейин камакка алганы белгилүү болду.
Атайын кызмат аларга "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып койгон. Бирок расмий маалымат берген жок.
Алардын кармалышы боюнча активисттер социалдык тармактарга жазып, "пикирин ачык айтканы үчүн иш козгоду" деп нааразылык билдирүүдө.
75 жаштагы пенсионер кармалды
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 75 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованы 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаганы белгилүү болду.
Адвокат Токтосун Жоробековдун айтымында, Таштановага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга чакырык") менен айып коюлган.
"Адахан Мадумаровду камакка алгандан кийин кайрылуу кылыптыр. Кыргызстанды кымбатчылык каптады, акыйкаттык жок деп президент менен Камчыбек Ташиевге кайрылган экен. Анан "президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген мааниде кылмыш ишин козгоп, бөгөт чарасын камак түрүндө кабыл алыптыр".
Салия Таштанованын адвокатынын айтымында, ал Таш-Көмүр шаарында жашайт, беш баласы бар. Азырынча анын жакындары менен байланышууга мүмкүн боло элек. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Таштанова 2022-жылы октябрь айында Өзгөндө өткөн Кемпир-Абад боюнча курултайга катышып, сөз сүйлөгөн.
"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Чыныгүл Шеркулова камалды
Ал эми Кочкор-Ата шаарынын тургуну 44 жаштагы Чыныгүл Шеркуловага да Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси менен айып коюлган. Социалдык тармактарда Шеркулова жалган маалымат тараткан деп айыпталганын жазып жатышат. Адвокат Токтосун Жоробеков ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгонун айтууда:
"Ал болгону Жалал-Абад облусунун координатору эле (“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын - ред.). Дайыма Мадумаровду колдоп жүрчү эле. Анан "Алтын-Мазардын айланасында сөз чыгарды" деп, элге чакырык жасады деген берене менен камап коюптур. Тагылган айыбын окуп көрдүм, ал жерде эч нерсе жок. Жөн эле айыптап, камалсын деп коюптур".
Чыныгул Шеркулова - үч баласы бар, жалгыз бой эне экени айтылууда. Анын жакындары менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок.
Кармалган жарандар тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий маалымат бере элек.
Буга чейин атайын кызмат билдирүү таратып, Алтын-Мазар тилкеси боюнча интернетке атайылап жалган маалымат тараткандар болгонун, алар жазага тартыларын эскерткен.
"Кайсы бир кызыкдар тараптар кыргыз жеринин тажик тарапка өткөнү тууралуу социалдык тармактарда жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айдыңына жарыялап, мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууга байланыштуу максаттуу иш алып барууда. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Ушундан улам УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Муну менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар тараткан расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга үндөйт", - деп жазылган маалыматта.
Ал эми Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кармалган эки аял 4-ноябрга чейин камакка алынганын ырастады.
"Улгайган аялды камаган окуя эч болгон эмес"
Улгайган аялды камакка алган окуя социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова 75 жаштагы аялды коркунучтуу кылмышкер катары камакка алууну айыптап жатат:
"Кыргызстандын тарыхында улгайган аялды камаган окуя эч качан болгон эмес. Канча адамдарды көрүп жатабыз, кылмышкерлерди, зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарды деле камабай чыгарып жатышат. Бул жерде 75 жаштагы аялды камап койгону ал ошончолук коркунучтуубу деген суроо жаратат".
Деген менен журналист Мырзакат Тыналиев мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин белгиледи:
"Негизи мыйзам алдында баары бирдей деп турат. Анан ал адамдын кармалышынын мыйзамдуулугун укук коргоо органдары менен сот органдары чечиши керек. Коомчулук билип-билбей туруп эле туура же туура эмес дей бергендин өзү туура эмес".
Буга чейин Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, бийликтин дарегине ачык сын айтып келген Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.
Кылмыш иши тергелип бүтүп, учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Анын адвокаты Юлия Богданованын билдиришинче, ишке “жашыруун” деген гриф коюлган.
Ошондой эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын дагы бир мүчөсү Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылган.
Ал эми Замирбек Шамшидин уулуна дагы "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" беренеси менен иш козголуп, учурда убактылуу кармоочу жайга камалган. Алар коюлган айыптарды саясий куугунтук деп сыпаттап келишет.
Парламент депутаты Гуля Кожокулова “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп жатканын, баш-аягы 20 киши жоопко тартылганын айтып чыккан.
Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камакка алынды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду. Муну оппозиция бийликтин кысымы катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет.