Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газа: Туткундардын тагдыры, ХАМАСтын Москва сапары

Газа: Туткундардын тагдыры, ХАМАСтын Москва сапары

Cоңку 24 саатта жөөт армиясы Газанын борбордук бөлүгүндө рейд өткөрүп, ХАМАСтын ондогон жайларына абадан сокку урганын билдирди. ХАМАС радикал тобунун делегациясы күтүлбөгөн жерден Москвага барып, орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту.  2 млн эл жашаган анклавда гуманитардык кырдаал курч. 

Жумага караганда жөөт армиясынын танктары кыргын салуучу учак, дрондордун коштоосунда Газанын борбордук бөлүгүндө 24 саат рейд өткөрүп, асмандан жана артиллериядан аймактын бардык бөлүгүнө сокку урду.

ЦАХАЛ бул жолу ХАМАСтын ондогон жайлары жок кылынганын жарыялап, операция аяктагандан кийин аскерлер аймактан чыгып кеткенин билдирди.

Израил 7-октябрдагы кандуу чабуулда согушкерлер барымтага алган туткундар тууралуу жаңы маалымат берди.

“229 үй-бүлө барымтага алынганын аныктадык. Кошумча маалымат чалгын жана биз жүргүзгөн оперативдүү иштердин арты менен такталды”, - деди ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Дэниел Хагари.

Буга чейин жөөт армиясы ХАМАСтын согушкерлери 222 кишини барымтага алганын билдирген. Андан бери төрт киши туткундан бошотулганын медиа каражаттары кабарлаган.

20 күндөн бери туткунда отургандарды бошотууда Катар менен Египет ортомчулук ролду аткарууда.

Катардын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Мохаммед Ал Хулайфи Газада барымтада жаткан бейкүнөө кишилер бир нече күн аралыгында бошотуларын Sky News телеканалы менен болгон маегинде айтты. Сүйлөшүүлөр өтө татаал өткөнүн, акыры жыйынтык бардыгын белгилеп, бирок жаңжал эскалация болуп кетсе, бул иштин баары текке кетерин эскертти:

“Медиаторлорго тынчтык керек. Жарандарды алып чыгуу үчүн бизге эки тарап менен тең кылдат сүйлөшүп, алардын тилин таап, бир катар сунуштарды иштеп чыгууга атайын жагдай түзүлүшү керек”, - деди Катардын мамлекеттик министри.

ХАМАСтын өкүлдөрү Москвада

Ал ортодо ХАМАС радикал тобунун делегациясы Москвага барганы тууралуу кабар бейшембиде күтүлбөгөн жерден тарады. Радикал топтун өкүлдөрү Орусияга эмне максат менен барганы белгисиз. Орус тышкы иштер мекемесинин өкүлү Мария Захарова «Палестин кыймылынын тиешелүү өкүлдөрү Москвада сапарда жүрөт» деген гана учкай комментарий менен чектелген.

Бейшембинин кечинде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ХАМАСтын делегациясынын сапары тууралуу маалымат берди. Расмий маалыматта "барымтадагы чет элдиктерди тезинен бошотуу" жана Газадан орус жарандарын эвакуациялоо талкууланганы жарыяланды.

Москвага барган делегацияны радикал топтун саясий бюросунун мүчөсү Абу Марзук жетектеп, сүйлөшүүнү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары жана Путиндин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов жүргүзгөнүн маалымат каражаттары кабарлады. Москва Богдановдун атын атабаганы менен анын ХАМАСтын өкүлү менен түшкөн сүрөтүн радикал кыймыл жарыялады.

ХАМАСтын аты аталбаган делегация мүчөсү орустардын "Коммерсантъ" гезитине барымтадагыларды таап, бошотуу үчүн Газада “ок атышууну токтотуу керектигин” айткан. Ал барымтадагылар "ар кайсы палестин топторунун колунда" экенин белгилеп, адегенде аларды таап, анан бошотуу керек деген жүйө келтирген.

ХАМАСтын жоочулары Израилдин шаар-кошуундарына чабуул койгондо Орусиянын кеминде 20 жараны набыт болгонун, азыр туткунда бери дегенде үч орус-израил жараны отурганын Москванын Тел-Авивдеги элчиси Анатолий Викторов айткан.

Орусияда ХАМАС террордук топтордун “кара тизмесине” киргизилген эмес. Буга чейин ХАМАСтын өкүлдөрү быйыл мартта Москвада Богданов менен жолукканы маалым.

Тель-Авив Москванын "хамасчыларды" кабыл алганын кескин айыптап, “акылга сыйбаган кадам” деп сындады.

Израилдин тышкы иштер мекемесинин өкүлү Лиор Хаят "ХАМАСтын жогорку даражалуу аткаминерлерин Москвага чакырууну терроризмге колдоо көрсөтүп, ХАМАСтын жоочуларынын мыкаачылыгын мыйзамдаштыруу үчүн жасалган акылга сыйгыс кадам", -деп сыпаттаганын жөөт басылмалары жазды.

Ал ортодо Кремлдин басма сөз кызматы Путин ХАМАСтын делегациясы менен жолукпай турганын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Мария Захарова 26-октябрда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кани дагы Москвага келгенин билдирди.

Израил Иранды ХАМАСты каржылап, машыктырат деп айыптайт.

Газадагы гуманитардык кырдаал

Тилкедеги 2 миллиондон ашуун тургундун абалы, өзгөчө ооруканалардагы эң зарыл нерселердин тартыштыгы эл аралык уюмдарды тынчсыздандырууда.

Бириккен Улуттар Уюму үч жумадан бери Израил армиясынын бомбалоосунун алдында калган анклавга “үзгүлтүксүз” жардам жеткирүү зарыл экенин билдирди.

БУУнун Палестин качкындары боюнча башкармалыгынын башкы комиссары Филипп Лазарини азыркы жардамды “күкүмгө” салыштырып, Газа тилкесине "көлөмдүү жана тынымсыз жардам киргизүү" зарылдыгын 27-октябрда белгиледи.

“Биз бул жакта сүйлөп жатканда, Газада кишилер өлүп жатат. Алар бир гана бомбалоодон жана башаламандыктардан эмес, көбү Газанын блокадада калганынан улам жарыкчылык менен кош айтышууда. Дары-дармек жетишпейт, суу, тамак-аш түгөнүп баратат. Көчөлөр акыр-чикирге толду. Газа тилкесинде ар кандай оору-сыркоо жайылып кетиш ыктымал”, - деди Филипп Лазарини.

Буга чейин аймакка Египеттин Рафах өткөрмө бекети аркылуу гуманитардык жардам жүктөлгөн 74 машине киргени маалым болгон.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газада “эл аралык гуманитардык мыйзам” бузулуп жатканына көңүл бурууга чакырган.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси ооруканаларда күйүүчү майдын запасы кооптуу чекке жеткенин эскерткен. Мекеме эл аралык коомчулуктан күйүүчү май жана дары-дармек жиберүүнү суранды.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден көп кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады.

ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

СК: мужчину убили ударом ножом в сердце в парке на востоке Москвы

Вильфанд предупредил москвичей о дождях и грозах в ближайшие дни

«Как гром среди ясного неба». Андрей Турчак возглавил Республику Алтай

Андрей Воробьев наградил производителей ракет в Королеве

Музыкальные новости

5-летняя дочь Анастасии Заворотнюк пришла на могилу матери

Два рейса из Петербурга перенаправили из Шереметьево в Домодедово на фоне грозы

Хозяйка «голой» вечеринки Анастасия Ивлеева открывает в Москве азиатский ресторан

Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине

Новости России

Штрафы подняли на совесть // В Москве и Петербурге водители станут платить в несколько раз больше за неоплаченный проезд

"Таких озверевших...надо сажать": "Шариатский патруль" набросился на подростка в Москве. Глава НАК призвал к жёстким мерам

Андрей Воробьев наградил производителей ракет в Королеве

Лавров отметил подъем в отношениях РФ и Буркина-Фасо

Экология в России и мире

Пегас сделал важное заявление по Египту: стали известны цены на туры на предстоящую зиму

Chanel Resort 2025

Студия Звукозаписи в Москве. Создание Песен, Музыки, Аранжировок.

Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине

Спорт в России и мире

Теннисист Джокович побил рекорд Федерера по победам на турнирах "Большого шлема"

Мирра Андреева обыграла представительницу Франции Грачеву на "Ролан Гаррос"

«Контракта на экипировку у меня до сих пор нет» // Теннисистка Анна Калинская о лучшем сезоне в своей карьере

Потапова о поражении от Свентек на "Ролан Гаррос": организм дал сбой

Moscow.media

Еще 12 км подъезда к Ставрополю станут четырехполосными в 2026 году

RooX UIDM защитит от перехвата токенов

Дайджест новостей «Грузовичкоф» за май

На орловской трассе столкнулись микроавтобус «УАЗ» и тягач «Scania», груженный дисками вагонных колес







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *