Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге киргизилген чектөө алынды
![Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге киргизилген чектөө алынды](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-02e1-08dbe1c31ca4_w800_h450.jpg)
Бишкек-Ош жолундагы “Арал”, "Сосновка" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме Бишкек - Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык экенин билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашууларды кар басканын белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну эскертүүдө.
"10-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда автоунаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды, ашууларды толук көзөмөлдөп жатат. Каракол - Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон - Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кар жаап, бороон болууда, бирок каттам токтогон жок", - деп билдирди аталган мекеме.
Аба ырайынын кескин начарлашынан улам 9-ноябрда эртең менен Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилген. (КЕ)