Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абак күндөлүгү: Жарандык коом биздин коомго абадай керек

Абак күндөлүгү: Жарандык коом биздин коомго абадай керек

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир абактан жазган жаңы катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. 

Жакынкы күндөрдүн биринде сот ишим кайрадан уланат. Өз идеямды, өз пикиримди коргошум керек. Сот кандай чечим чыгарбасын, мен өз идеям үчүн кандай шартта болбосун күрөшөм. Ал кандай идея эле? Онлайн митинг.

Мунун башка митингдерден чоң айырмасы бар. Кыргызстандын шартында кандай тынч митингдер болбосун, анын арты үч жолку мамлекеттик төңкөрүш менен аяктап, жыйынтыгы эмнени көрсөттү?!

Бийликти басып алууларды, талап-тоноочулук, өлүм-житимди, бирөөнүн мүлкүн басып алууну! О.э. мэрлердин, губернатор, акимдердин кызматын тартып алууну элдик бийлик деп түшүнгөн жапайычылыкты башыбыздан өткөрдүк! Кийинки бийлик мурунку бийликтен ашып түшкөн катачылыктар канча кайталанды? Демек, тынч митингдердин арты эмне менен аяктайт - кепилдик жок экен. Мамлекеттик, улуттук масштабда ойлонгон саясый партиялар да калыптанбаптыр. 

Удургуган эл муну революция деп тамагы айрылганча айкырып, куру сүрөөн астында капкайдагы саясатчыларды элдик лидер катары алга сүрөөдөн жалкыбадык! Демек, биздин коомдо мамлекеттик дөөлөттү түптөө түшүнүгү калыптана элек болгондон кийин, биз мамлекетти кыйратып алуудан сак болууну үйрөнөбүзбү, жокпу?!

2020-жылкы төңкөрүштө мен да болгом, үй-бүлө мүчөлөрүм менен шайлоо жыйынтыгына нааразычылык билдирип чыкканбыз. Ошондо күүгүм болор мезгилде митинг уюштуруучулар менин идеямды колдоп кетишти. Ал мезгилде беларус элинин эң маданияттуу, креативдүү деңгээлдеги митингдери дүйнө коомчулугун суктандырган. Себеби, күч органдары канчалык уруп-согуп, камап жатса да ачууга алдырбаган беларустардын улуттук маданиятына мен өтө катуу таасирленгемин. Аларда симфониялык оркестрлер тынч митингде жаңырып, театр актёрлору көчөгө чыгып өнөр көрсөтүп, кыз-келиндери омондорго гүл сунуп чыгышты го!

Ушундан улам мен да үч жыл мурунку митинг башындагыларга ушул идеямды айтсам, эч кимиси жок дебеди. Өзгөчө “Альянс” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов мени микрофон жакка өткөрүүгө ашыкты. Мен айттым баарына, азыр төкмө акындар менен манасчыларды чакырдым, келип калышат дедим.

Ошол замат төкмө акын Азамат Болгонбаев комузун кагып, митинг максатын ырдап, артынан Дөөлөт Сыдыков “Манасын” төгүп, андан ары өнөрпоздорго четинен телефон чала баштадым.

- Эртең аянтка келип поэзия окуйлу! Актёрлор көчө театрына ылайык өнөрлөрүн көрсөтөт, - деп мен өз пикирлештериме чала баштадым.

Күн батып калган маалда митингдин билермандарына барып, көзү ачыктай айттым:

- Эл толуп кетти аянтта. Таркаткыла! Тынч митингди эртең жаңы форматта баштайбыз. Болбосо сүрмө топ азыр башаламандык кылып жиберет. Ар кайсы саясый топтор өздөрүнүн ураандарын чакырып, баланчаны, түкүнчөнү түрмөдөн чыгарыш керек деп кыйкырык-сүрөөндүн алдында калбайлы, - дегенимди ошондогу митинг башындагылар жокко чыгарбас! Маселен. А.Сулайманов, А.Шыкмаматов, Ж. Акаев, Элдар Абакиров ж.б....

Ошону менен үй-бүлөбүз үйгө келип, чай демдеп ичүүгө да үлгүргөн жокпуз! Аянттагы айкырыктар, башаламандыктар, ызы-чуулар күчөдү...

***

Ошондон улам биздин ишенчээк коомдун ичине дүрбөлөң салган окуялар дагы кайталанбасын үчүн менин онлайн митинг идеямды азыркы бийлик кош колдой турган жерде эле. Тескерисинче, булар мага кылмыш ишин козготуп отурушат.

***

Эртеби-кечпи, коомдо ар кандай күтүүсүз кырдаалдар жаралса, элдин социалдык жарылуусу күчөп кетиши толук ыктымал. Эл өз талабын онлайн митинг аркылуу билдирсе, бийлик да эл менен диалог жүргүзүүнүн жаңы ыкмасына өтмөк. Биз ошондо гана Кыргыз демократиясын түптөйбүз! Биз ошондо гана дүйнө коомчулугунун алдында Борбор Азиядагы демократия аралчасы деген имиджибизди коргой алабыз!

***

Биз 21-кылымдын күр-шарында өнүгүүгө тийишпиз. 20-кылымда дүйнө саясатына эң чоң өзгөрүү, эң жаңы ыкма киргизген улуу гуманист Махатма Гандини алалы. Ал Британия бийлигине чоң таасир этер өз ыкмасын киргизгени дайын. Ал ыкма абак жайында отуруп ачкачылык жарыялоо болгон. Бул ыкманын таасири геосаясый мааниге айланган кийин. Ошол сыяктуу эле өз алдынча демократия жолун издеген Кыргыз мамлекети эмнеге өз элинин кулк-мүнөзүнө, менталитетине ылайыктуу жаңы ыкмаларга өтүп, эл менен бийликтин ортосундагы диалог жолун издебейт?! Ошол диалог жүргүзүүнү менин видео кайрылууларымда эң жөнөкөй тилде түшүндүргөнүмө бийлик эмнеге кунт койбой, бир элди тополоң-тозго чакыргандай кабыл алды?

Мен жазуучу катары жана гуманисттик идеяларды жайылтуучу жаран катары элди агрессияга үндөөдөн алысмын! Видео кайрылуумда мен өз аудиторияма бир нече жолу кайталап: “Силер мага телефон чалбагыла, мени издеп келбегиле! Баарыңардын колуңарда мобилдик телефондор бар. Демек, онлайн аркылуу айыл-кыштактардан болсун, шаарлардан болсун, 31-август өлкөбүздүн Эгемендик күнүнө карата өз пикирибизди айтууга чакырам!” – дегендин эмнеси кылмыш?!

Арийне, өлкөбүздүн Эгемендик күнүнүн маанисин арттырар жаңы иш-чарадан бийлик эмнеге коркту?..

***

Шарактап кайнаган чайнектин капкагын алып койсоң, ичинен буу теппейт. Шарактап кайнаган деми басылат. Коом деле бийликке карата өз нааразычылыгын чыгарып турбаса, бир күнү ошол капкагы, чоргосу бекем жабылган чайнектей жарылып кетпейби?.. Менин бул идеямдын эмнеси түшүнүксүз? Сот залында муну учкай түрдө канча айттым, бирок соттордун кулагына кирбеди шекилдүү...

***

Эгер алдыда болор сот жүрүшүндө да мага карата козголгон кылмыш иши өзгөрүүсүз түрдө кала берсе, мен да мындан аркы күрөшүмдөн кайтпайм! Эртеби-кечпи, коомубуз бийликке карата нааразычылыгын билдирер болсо, Кыргызстандын ар бир жараны өзүнүн социалдык баракчаларында эмнеге өз пикирин ачык туюнтпашы керек?!

 

11.10.23

***

Өткөндө бул жактан тиш догдурга барганымда врачым айтат: “Коомчулукта кээси сени азыркынын Токтогулу деп атышат". Мен айттым: “Менин бактыма бирок Токтогулдун бактысын теңеп болобу?.. Анын заманында Токтогул тиш ооруга кабылар болсо, мага окшоп конвойлордун коштоосунда тиш догдурга көрүнө алат беле?..” Биздин демократиялык баалуулуктарга жеткенибиздин жемиши деп санайм муну...

***

Токтогулдукунан дагы бир тоодой бактым - Интернет заманы! Темир тор артынан дүйнөгө үнүмдү жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүм бар! Анан мен эмнеге бийликтин камаганынан коркушум керек?!

Кайсы бир баалуулук, идея үчүн тобокелдиктен коркуп жылуу үйүмдө отурсам, мен өзүмдү өстүрө алат белем?.. Өзүмдү тааныйт белем?..

***

Өткөндө бирөө акыл айткысы бар мага: “Жазуучу деген үйүндө жылуу жумшак отуруп чыгарма жазыш керек”, - деп. “Үйүндө жылуу-жумшак жаткандар жазуучу эмес, – дедим. - Жазар киши шахтага барса да, жер түбүндө карала-торала көө болуп жүрүп жаза берет. Адамга илхам кычаган маалда келет. Атайылап кагазга үңүлүп отуруп жандуу ойду кармай албайсың. Жашоо менен келген илхам жашап калат. Жашоону жон териси менен сезип жазгандан өтөрү жок”. Бул сөзүмө ынадыбы, жокпу - билбейм...

***

Кечээ жанымдагы шеригимдин соту болуп, аны 1-абак жайына которушту. Жаныма жаңы шерик келди.

Ал шеригим жаңы отургузулган көчөттөй элестеп атат мага. Бүшүркөп, менин жөн отура албаганыма көнүп-көнө албай, мен аны жаңы отургузулган көчөттөй асырагым келип, алдына тамак алып келем. “Табитим тартпай атат”, - деп отурат. Намазын окуйт, жатат, чылым түтөтөт. Суу ууртамыш болот. Бүттү...

***

Жаңы шеригим менен деле тил табышып алдым.

- Коңурукту катуу тартам, кыжаалат болбойсузбу? – дейт.

- Эй кайра сонун болбодубу! – дедим. – Жанымда сендей коңуругу катуу адам болгону жакшы. Жазуучу адамга сенин коңуругуңдун пайдасы көп, ойгонгон сайын жаза берем. Мен бул жакка уктаганы келген эмесмин, - деп санаасын тындырып койдум. Жеңилдей түшкөнсүдү.

***

Абак жайда коркконуң – сасык тумоо,

Ансыз дагы турганда басып жүдөө.

12.10.23

Эл да, бийлик да жарандык коомдун зарылчылыгын түшүнбөй келет. Муну эң жөнөкөй түшүнүү үчүн комузду элестетеличи. Комуздун үч кылын тиреп турган тээк болбосо, күүлөй албайсың. Үч кылды эриш-аркак күүгө келтирер тээк болбосо, комуздун эмнеси комуз? Жарандык коомдун орду да дал ошол тээк сыяктуу эл менен бийликтин гармониясын жараткан чоң кудуретке ээ. Күчтүү жарандык коом гана эл менен бийликтин ортосунда эриш-аркак гармония жаратат. Бийликтин үч бутагын комуздун тээгиндей күүгө салып турат.

Тилекке каршы, бизде бийлик ар дайым жарандык коомдун ролун, милдетин сезгендин ордуна, элге аларды “бузуку”, “Батыштын агенти” деген сабатсыз түшүнүктөрү менен каралап келет. Эгер Кыргызстанда күчтүү жарандык коом болбосо, диктатордук режимди орнотуп коюу тез эле. Андыктан комузду комуз кылып, үч кылды эриш-аркак күүгө келтирип турган тээк сыяктуу түшүнүүгө тийишпиз жарандык коом дегенди...

***

Эң кейиштүүсү, бизде чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүндө жарандык аң-сезим алигиче ойгоно элек. Алар ошон үчүн жоош. Ал тургай арасында жарандык коомдун өкүлдөрүн жек көргөндөрдү да кезиктиргем. Бирин-экиндерин гана чанда бир өз позициясын туюнтуп койгону болбосо, сөздүн толук маанисинде жарандык милдет, жарандык аң-сезим эмне экенине баштарын да оорутпайт.

***

Ал тургай саясый партиялардын, топтордун арасында деле жарандык аң-сезим, жарандык милдет түшүнүгү өтө чийки. Аларда бийликке жетүү амбициясы гана күчтүү!

Азырынча саясый чөйрөдө жүргөндөрдөн жарандык аң-сезимди калыптоо жаатында жалгыз гана Абдывахап Нурбаевдин иш-аракеттери сөзгө алаарлык деңгээлде экени белгилүү. А.Нурбаевге тилектеш жарандык коомдун үркөрдөй тобу “Билимдүү Кыргызстан” аттуу чоң долбоордун үстүндө иштеп келет. Аталган долбоор үчүн акыркы эки жылдагы аракет менен алар парламенттин кароосуна сунуштап отуруп, акыры үч окуудан өткөндөн кийин президент кол коюп, эми ишке кирер болду окшойт.

Келечегинде “Билимдүү Кыргызстан” долбоору толук ишке ашканда гана анын жемишин жалпы мекендештерибиз баалап калаар.

Буга дейре да А.Нурбаевдин демилгеси менен биргеликте республикалык деңгээлде мектеп окуучулары арасында жарандык милдет боюнча үч-төрт жыл удаалай конкурс уюштуруп келдик. “РухЭш” сайты мындан ары да бул максатта үзгүлтүксүз аракетибизди уланта беребиз. Тек мамлекетибиздин алсыздыгынан, чындап келгенде жалпы элде жарандык милдетти туйгандар аз болгону үчүн саясый акцияларга, шайлоолорго элдин катышуусу төмөн. Болбосо күргүштөгөн эл шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып, ар кимиси өзүнүн жарандык милдетин, жоопкерчилигин туйганда, эл башына татыктуулар көбүрөөк келбейт беле!

***

Эки айдан бери бул жактан бир нерсени анык түшүндүм. Бул жактын төрт кабат абак жайында бош орун калбаганы аз келгенсип, айрым камераларга кошумча керебеттерди киргизишкенине таңгалдым! Ар күнү короого сейилге чыкканда абактагылар кобурашып калышат. Алардын баарлашуулары кандай мүнөздө дээрсиз... “Бияк толуп калыптыр, эми бизди 1-СИЗОго которушат окшойт. Эгер андай болсо, макулдук түзүп, айткан суммасын төлөп, чыгып кеткенден өтөрү жок” деп калышат. Себеби арестанттардын корккону эле 1-СИЗОнун адам чыдагыс шарты дешет. Ал жакка кабылып калбайын деп зааркангандар аргасыздан миллиондогон суммаларды төлөп, ден соолугун, өмүрүн сактоо үчүн тобокелге барышары мени бул ойго түрттү.

Урматтуу окурмандар! Мен Күндөлүктүн бул бөлүгүн өтө чоң тобокелдик менен жазууга аргасыз болдум...

Албетте, өз керт башымдын коопсуздугун тобокелге салууну эки күн бою ойлондум. Бирок муну көрүп-билип туруп, жашырып коюуга да болбостугун туюп, коомчулукка коңгуроо кагууга аргасыз болдум. 

Карапайым үй-бүлө мүчөлөрү бул жакта туугандар арасында миллиондогон суммаларды чогултууга аргасыз болуп отурганы – канчаларын сызга отургузууда?! Мал-жанын, жай бою баккан түшүмүн сатып, абактагы тууганын куткаруу үчүн мээнет жумшашы керекпи эл?! 

***

Бул жакта отурган айрым айыпталуучулардын коопсуздугу жана сот процесстерине кедергиси тийбесин үчүн дагы көптөгөн маалыматтарды берүү мүмкүн эмес. Айрымдары бирөөнүн жалган жалаасы менен бул жакка кабылып, эми туугандарынан акча чогултууга аргасыз болушканын көрүп, угуп отурам. Мындай маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө азыр журналисттердин мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми жабыр тартып бул жакта жаткандардын эрки жетпейт, анткени баары “ач кулактан, тынч кулак” позициясын гана карманууга аргасыз! Себеби абак жайынан ансыз да заарканып отургандар тобокелдикке барабы?!

***

Ооба, мен бул тобокелдикке барууну туура деп санадым. Алтын башка баары бир бир өлүм буюргандан кийин, маңдайга жазганын көрөт чыгармын. Бул маалымат коомчулукка тараар замат менин көзүмдү тазалоого ашыгар, балким... Бирок кандай болбосун, мен мындай адилетсиздик менен акыркы демим үзүлгөнчө күрөшөм!

Элибиз акыйкат, адилеттик үчүн тикесинен тик турарына бөркүмдөй ишенем. 

***

Келгенимден бери кургак мөмө-жемиштер толуп кеткен. Канчасын тегерегимдегилерге бөлүштүм, ошентсе да түгөтө албай жүрүп, бүгүн түрдүү мөмөлөрдү кайнатып компот жасоо идеясы келди.

Азыр муздаган компотту ичсем, анык шербет болуптур. Түштүктүк туугандардын шербетинен кем кала турган эмес...

***

Кайсы бийликтин тушунда болбосун бийликке ыңгайсыз адамдардын соттук иши кайсы райондук сотто башталат? Сөзсүз Биринчи Май райондук сотунда. Себеби, бул райондук соттун кызматкерлери бийликтин колундагы куурчакка айланган! Жогору жак кандай чечим керектигин айтса, сот чечими да андан чыкпайт. Коомчулук муну жетик түшүнүүгө тийиш. Биринчи Май райондук соту саясый ишмерлердин жана жарандык коомдун активдүү мүчөлөрүнүн тагдырын чечкен гана куралга айланган эбак!

Учурда абакта адилетсиз сот чечими менен зар какшап отургандардын көбүнүн тагдырын да дал ушул райондук сот чечип койгон. Андан ары шаардык сотко апелляциялык арыздын негизинде каралган процесстер деле көбүнчө Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган жагдайлар канча?!

13.10.23

***

Жарандык коомдун орду, мааниси жөнүндө элибиздин төл сөзү, төл түшүнүгү калыптансын үчүн анын милдетин комуздун үч кылына салыштырганымды элге таамай жеткирүү аракетинде кечээтен бери бир ырдын бир нече вариантын жаздым. Коомдун баардык катмарына, музыка тилин түшүнгөн, түшүнбөгөндөрүнө да эң жеткиликтүү болсо деп, өзүмдү эки күндөн бери комуздай күүлөдүм, комуздай толгодум. Акыры береги үч куплетти үч кылдуу комуз, үч бутактуу бийликти тээк сыяктуу ыргакка, гармонияга сала турган жарандык коомдун маанисине алып келдим көрүнөт.

ЖАРАНДЫК КООМ

(Тилектеш, пикирлеш жарандык коомдун милдетин аркалап жүргөн досторго арнайм)

Комуз сыры боорундагы тээгинде,

Эриш-аркак тиреп турган үч кылды.

Тээк болбосо мейкиндиктин жээгинде

Үч кылдын эч жакындабайт уч-кыйры.

Тээк жаратат гармония, бирдикти.

Дал ошондой жарандык коом жашоодо.

Бир ыргакка салып турат бийликти

Көзөмөлдөп, саясатты баш оомо.

Бийликтин үч бутагы да ар башка –

Тээк болбосо үч кыл сымал тайыма.

Саясатта чыгат баары кармашка.

Керек тээктей жарандык коом дайыма!

14.10.23

Уландысы бар...

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Жителям Подмосковья рассказали о переработке вторичного сырья

ФНС Москвы подала иск в суд против блогера Гасанова за долги в 144,8 млн рублей

Выставка-посвящение «Первая дама советской скульптуры»

ZDF: Между Шольцем и Бербок возник конфликт из-за России

Музыкальные новости

В Москве пройдет выставка Евгении Васильевой «Между пороком и добродетелью»

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

Группа Metallica даст виртуальный концерт в Fortnite 22 июня

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов

Новости России

ФНС Москвы подала иск в суд против блогера Гасанова за долги в 144,8 млн рублей

Депздрав Москвы опроверг сведения о массовом отравлении из-за ботулизма

ZDF: Между Шольцем и Бербок возник конфликт из-за России

Жителям Подмосковья рассказали о переработке вторичного сырья

Экология в России и мире

Скидки по поводу и без от Mirihi Island Resort

Магазин "Стильпарк" в новой концепции открылся в Москве

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru

Назван российский город, откуда в Турцию срочно увеличивают число рейсов, впервые поставив широкофюзеляжный самолет Airbus 330

Спорт в России и мире

Кирилл Скачков из Новокузнецка стал победителем Игр стран БРИКС-2024

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде

Александрова вышла во второй круг турнира WTA в Хертогенбосе

Елена Рыбакина «заменила» Геннадия Головкина

Moscow.media

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech

Прощайте, я от вас улетаю

Закат на Катуни

Во Владивостоке злоумышленники украли из сейфа 30,5 млн рублей







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *