Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Мыйзамга туура келбеген чечим". "Кактус медиа" айыпка жыгылды

Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” гезити менен Kaktus.media басылмасынын талашына чекит коюп, сайт менен анын кызматкерине баш-аягы 600 миң сом айып салды. Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды.

Буга чейин өлкөдө саясатчылар, президенттер журналисттер менен соттошкон учурлар болгон. Бирок акыркы жылдары медиалар ортосунда соттошуулар кадыресе көрүнөшкө айланып баратат.

Жогорку Соттун чечими

10-ноябрда Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарды. Соттук коллегия журналист Диля Юсуповага буга чейинки эки инстанцияда салынган 500 миң сом айыпты 100 миң сомго азайтып, ал эми басылманын өзүнө салынган 500 миң сом доону ошол бойдон калтырды.

Ишти Жогорку Соттун судьялары Дилбар Кулматова, Маргарита Мельникова жана Болотбек Батыралиев карады.

9-ноябрдагы соттук отурумда тараптар сөз сүйлөп бүткөн. Бирок соттук коллегия чечим чыгарууну кийинки күнгө калтырган эле. Kaktus.media сайтынын адвокаты Акмат Алагушев акыркы инстанциянын чечимин мыйзамсыз деп баалады.

“Менин адвокаттык ишмердигимде юридикалык жакка моралдык чыгым өндүрүлгөн биринчи окуя болду. Бул такыр мыйзамга туура келбеген чечим. Анткени юридикалык жак эч качан моралдык зыян тартпайт. Мен бул чечимди бийликтин куугунтугу деп эсептейм. Негизи сот иши 9-ноябрда эле бүтмөк. Соттук коллегия кошумча суроолорду деле берген жок. Соттор бир күн кеңешип келдиби же кандайдыр бир иштер болдубу белгисиз”.

Жогорку Соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. Демек, Kaktus.media басылмасы жана анын журналисти “Вечерний Бишкек” гезитине 600 миң сом төлөп бериши керек. Сайттын негиздөөчүсү Дина Маслова көз карандысыз чакан медиа үчүн бул сумма аз эмес каражат экенин айтат.

“Соттун чечими боюнча негизи биз “Вечерний Бишкек” “банкрот” деп табылган жок” деп маалыматты жокко чыгарышыбыз керек. Эң эле күлкүнү келтиргени биз бир жылдан бери “Вечерний Бишкек” гезити чыкпай калды” деген жаңылык үчүн соттошуп атабыз. Бул убакыттан бери гезит чын эле чыга элек. Соттун акыркы чечими абсурд. Экинчи жагынан бул өкүнүчтүү. Анткени мен биздин соттор качан акыйкат чечим чыгарганы эсимде жок. Биз эми чечимди аткаруу үчүн сот аткаруучулардан документ күтөбүз. Ошол эле кезде Кыргызстанда медиа үчүн 500 миң сом көп эле сумма”.

Соттошууга негиз болгон жаңылык

“Вечерний Бишкек” басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.media басылмасын январь айында сотко берген. Буга 2022-жылы декабрда Kaktus.media “Вечерний Бишкек” гезити 2023-жылдын январь айынан баштап чыкпай турганын, электрондук vb.kg сайты калганын жазганы негиз болгон.

“Вечерний Бишкек” бул кабар чындыкка дал келбейт деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Быйыл 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Башкача айтканда кабардагы “банкрот” деген сөз гана жокко чыгарылган. Басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом, Kaktus.media деген бренд менен таанымал “Промедиа Плюс” коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Буга нааразы болгон Kaktus.media Жогорку Сотко арыз берген.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарына байланышкан ар бир соттук иш сөз эркиндигине кедергисин тийгизет. Журналисттер ар бир маалыматты чыгарууда тайсалдап калат. Анын үстүнө өлкөдөгү жалпы саясий абал да таасир этип жатат. Ага карабай курч материалдарды чыгарып аткан кесиптештерге ыраазычылык билдирем. Kaktus.media сайтына “Вечерний Бишкек” боюнча мен жазган жаңылыкты азыр да чындык деп эсептейм. Муну гезит азыр да чыкпай атканы далилдеп турат. Анын үстүнө гезиттин мамлекетке карызы да ушул күнгө чейин төлөнө элек”, - деди Kaktus.media сайтынын журналисти Диля Юсупова.

“Вечерний Бишкек” жабык акционердик коомунун директору Жылкыайдар Жумабеков 9-ноябрдагы соттук отурумда буга чейинки эки инстанциянын чечимин туура деп эсептей турганын айткан.

“Вечерний Бишкек” “банкрот” деп табылган эмес. Гезиттеги эмгек келишимин узарткан кызматкерлер иштеп эле атышат. Ошондуктан биринчи жана экинчи инстанция юридикалык туура баа берди”.

Эркин медиалар кабылган сыноо

Кыргыз жана орус тилинде иштеген көз карандысыз Kaktus.media агенттиги - өлкөдөгү ар кандай коррупциялык схемалар жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялап келет. Социалдык тармактардагы баракчаларын активдүү иштетет.

Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды.

Ал тапта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “фейктер” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды. Ага “УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады” деген материал негиз болгон. Министрлик ушул эле кабарды жүйө кылып 12-сентябрда “Клооптун” орус тилиндеги сайтын жапкан. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.

Андан тышкары Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын такыр эле жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген. Азыр сот иши жүрүп жатат.

Кыргызстанда көз карандысыз, эркин медиалар саналуу эле. Ушул тапта алардын айрымдарынын сайты жабылып, кээ бирлеринин башы соттон чыкпай келет. Kaktus.media сыяктуу эле көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы да азыр мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошууда.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

НПФ обяжут выявлять конфликты интересов

Министр здравоохранения Омской области покидает пост

В Москве на МКАД столкнулись пять автомобилей

А что новенького, криминального происходит у "ценных специалистов"?

Музыкальные новости

Анна Asti и Дима Билан стали лучшими исполнителями по версии премии МУЗ-ТВ

«Газпром-Медиа Холдинг» при поддержке ПАО «Газпром» организует мультиформатный фестиваль в честь Дня России

Казаков, казачек и казачат Кубанского казачьего центра «Баско» наградили за активное участие в Кадетском движении России

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

Новости России

Сколько пройдено шагов к Эвересту в образовании: ...

Врачи назвали опасным для детей тренд имитации поведения животных

А что новенького, криминального происходит у "ценных специалистов"?

Вильфанд: приятный подарок погоды ожидает россиян в ближайшие дни

Экология в России и мире

Магазин "Стильпарк" в новой концепции открылся в Москве

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

Прямые рейсы в Таиланд неожиданно снимают: стали известны подробности и альтернативы

Новые портативные ирригаторы Revyline RL 630 Green скоро поступят в представительство марки в Махачкале

Спорт в России и мире

Елена Рыбакина «заменила» Геннадия Головкина

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

Блинкова вылетела с турнира WTA в Хертогенбосхе

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Moscow.media

В Ингушетии чиновники похищали бюджетные средства, предназначенные для поддержки семей с детьми

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech

Жители Екатеринбурга в День России вывесили баннеры против точечной застройки

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *