Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израилдин соккуларынан Хан-Юнуста ондогон киши каза тапканы кабарланды

Израилдин соккуларынан Хан-Юнуста  ондогон киши каза тапканы кабарланды

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра 5-декабрда эртең менен израилдик аскерлер Хан-Юнус шаарына сокку урганда бери дегенде 43 киши каза тапканын, дагы ондогону урандылар астында калганын билдирди. Ал Насер ооруканасы жарадарларга толгонун айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Газада жүргөн өкүлү анклавдын түштүгүндөгү абал улам оорлошуп баратканын билдирди. Израил армиясы шейшембиде тилкенин туштүгүн жана түндүгүн, Хан-Юнус менен Рафах шаарларынын айланасын бомбалоону күч алдырганы кабарланган.

5-декабарда Израил армиясынын басма соз катчысы Эйлон Леви ЦАХАЛ ХАМАС радикал тобуна каршы операциянын экинчи баскычын баштаганын, ал буга чейинкиден "татаал болорун" билдирди. Леви Израил карапайым палестиналыктарга келтирилген зыянды азайтуу сунуштарына даяр деп кошумчалады. Буга чейин Израил ХАМАСтын бир нече таяныч пункттары көзөмөлгө алынганын маалымдаган.

Reuters агенттиги жазгандай, жергиликтүү жашоочулар жана журналисттер Израил элге коопсуз жайга көчүү тууралуу эскерткен райондор да чабуулдарга туш болгонун айтып беришти.

Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындар боюнча агенттигинин жетекчиси Филипп Лаззарини согуштук операциянын жанданышы менен “өткөн апталардагы коркунучтуу кырдаал кайталанганын”, бомбалоолор буга чейин жер которууга аргасыз болгон элди кайрадан башкалка издөөгө түрткөнүн, ооруканалар толуп калганын, гуманитардык абал ого бетер кыйындаганын белгиледи.

БУУнун маалыматына караганда, согуш башталгандан бери чакан тилкенин 2,2 миллиондон ашуун калкынын 80% өз үйлөрүн таштап, түштүк тарапка агылган.

Жоочулардын 7-октябрдагы кол салуусунан кийин ХАМАС радикал тобуна каршы согуш ачкан Израил өткөн жекшембиде операциясын анклавдын түштүгүндө кеңейтип жатканын билдирген.

Анын алдында, 1-декабрда арачылардын көмөгү менен ок атышууну убактылуу токтотууга жетишилген. Бир аптанын ичинде ХАМАС радикал тобунун барымтасынан 105 киши бошотулуп, Израил өз түрмөлөрүндө отурган 240 палестиналыкты коё берди. Газага гуманитардык жардам алып кирүүгө шарт түзүлгөн.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги уруш башталган 8 жумада 15 миң 899 палестиналык каза тапканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди.

Израил 7-октябрдан бери 1 миң 200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Шейшембидеги маалыматка караганда, жерде операция башталгандан бери 79 жөөт аскери набыт болду.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Общественные территории благоустроят в 11 населенных пунктах Приамурья

В Москве изменились цены на проезд в городском транспорте

В суде раскрыли новые факты о соучастнике замминистра обороны Иванова

В регионе провели Всероссийский полумарафон «Рязанский Кремль-2024»

Музыкальные новости

Страдания юного Аюша Булчун

«Локомотив» и воронежский «Факел» сразятся на столичной «РЖД Арене»

Глава Центробанка РФ: "Я вижу в ЦФА большой потенциал"

Чемезов: «Многие предприятия находятся в состоянии „лишь бы выжить“»

Новости России

Солнечные и талантливые: знаменитости с синдромом Дауна

Московский Весенний велофестиваль привлек свыше 65 тысяч участников

Театр Наций проведет китайский фестиваль искусств

Весенний велофестиваль в Москве поставил рекорд по числу участников

Экология в России и мире

Страдания юного Аюша Булчун

Против незаконного визита Лукашенко в оккупированный и деарменизированный Карабах высказался не МИД Армении, а Тихановская. Фоторяд

МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.

Сотрудники СЛД «Курск» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» продолжают проводить экологические акции

Спорт в России и мире

Новак Джокович: «Я никогда не скажу, кого считаю величайшим в истории – оставлю это другим»

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Соболенко проиграла Свентек в финале турнира WTA-1000 в Риме

Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу

Moscow.media

От воды освобождаются дороги и мосты в Оренбургской и Курганской областях

МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.

Большой Тхач

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *