Эскерүү 29.12.08
ТООЛОР КУЛАГАН ЖЫЛ
Аяктап бараткан жыл армандуу жоготуулар менен эсте калат окшойт. Адамзаттын руханий алптарынын бири Чыңгыз Айтматов, комуздан симфонияга чейинки ажайып үндөрдү оркестрде ойноткон маэстро Асанкан Жумакматов, далай жүрөктөрдү кагуусунан калтырбай өлүмдөн арачалаган врач Мирсаид Миррахимов, өзү таркан фильмдеги Акбаранын Ташчайнарындай көкжалдыгы бар Дооронбек Садырбаев, жылкычынын ырын, Аксаткын менен Кулмырзанын трагедиясын ырдап, төкмөлүк өнөрүн жаштарга үйрөтүп коюп «алыска сапар аттанган» Ашыралы Айталиев, шайырдыгы башкача, Райымалынын кайгылуу тагдырын кинодо ойногон төкмө Тууганбай Абдиев…
Жыл оор келди дешет. Нурадагы жер титирөөннүн доошу ар бир кайдигер эмес адамдын жүрөгүн аралап өткөндөй эле болду. Былтыр башталган кымбатчылык быйыл да басаңдабай, Токтогул ГЭСинде суу бөксөрүп кетти…
Эми келерки жыл элибиз үчүн жакшылыктуу, берекелүү болсун. Пейилдер оңолсун. Ачкөз арамзалардын ою таш капсын. Бардык изги тилектер орундалсын!
Жакшы тилек — жарым ырыс. Ниетибиз ак, көздөгөн максатыбыз айкын, сөзүбүз менен ишибиздин байланышы бекем болсо, утурумдук кыйынчылыктардын баарын жеңип өтөрүбүз анык.
Кыргыздар мыйзам эмес, ыйман талаптарын аткарып жашап келген дешет айрымдар, бүгүнкү укуктук вакуумдун себеби жөнүндө сөз болгондо. Тоолор кулап, сел жүргөндөй оомал-төкмөл заманда түпкүлүктүү нарк-насилди сактасак гана аман калабыз. Бирок ошол ыймандык дөөлөттөрдү бурмалоодон, ичкериден бүлүнтүүдөн коргоо үчүн укуктук таянычтарды колдонууга үйрөнүүбүз керек. «Туура бийде тууган жок», демек мыйзам үстөмдүгү орномоюнча мамлекеттүүлүк бекемдебейт, жарандык укуктар камсыздалбай кала берет…
Жолдош ТУРДУБАЕВ.