«Операцияга «өзүнүн денесин «сүйбөгөндөр келет» 07.11.11
Алыскы Голливуддун жасалма кирпик, коштурулган тырмак, жасалма чач, төштөрү Бишкектин көчөлөрүндө да пайда болуп, биздин...
Сообщение «Операцияга «өзүнүн денесин «сүйбөгөндөр келет» 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.
Алыскы Голливуддун жасалма кирпик, коштурулган тырмак, жасалма чач, төштөрү Бишкектин көчөлөрүндө да пайда болуп, биздин чүрөктөрдүн кимиси жасалма сулуулукта, кимиси табигый экенин ажыратуу кыйын. Бүгүнкү негизги темабыз — жасалма төштөр. Силикон төш дегенде немис порнофильмдериндеги актрисалар эске түшөт, а бирок, биздин арабызда да кыргыз кыз-келиндер, эжелер, апалар «силикон» төш менен жүргөнү ойубузга келбейт. Биз ушул туурасында пластика хирургиясынын адиси, КММА МБ хирургия бөлүмүнүн жетекчиси, 6 жылдан бери силикон имплантанттарын салуу боюнча иш алпарган Искен Каримович Качкынбаевди кепке тарттык.
И.К.Качкынбаев, КММА МБ хирургия бөлүмүнүн жетекчиси:
— Искен Каримович, сиздерге кайсы улуттагылар көп кайрылат? Операцияңыздардын баасы кандай?
— Кыргыздар же орустар көбүрөк деп айталбайм, теңме-тең десем туура. Баасы боюнча айтсам, силикон имплантанты кайдан жасалганына, көлөмүнө, түрүнө жараша баа бычылат. Бизде операция баасы Москвадагыдан 5 эсе, Европадагыдан 10 эсе арзан. Ал жактардан да көп пациенттерибиз бар. Алардын көпчүлүгү бул жактан көчүп кеткен мекендештерибиз. Мен операция кылгандардын ичинен эң жашы 18де, эң улуу пациенткам неберелүү, өзү алматылык, 56 жашта. Бишкектик айымдардын эң улуусу 54 жашта. Алты жыл мурда жылына 4 операция жасалса, азыркы убакта 40ка жакын кыргызстандык келип төшүн чоңойтуп кетет.
— Жасалма төштүн денсоолукка зыяны жокпу? Операцияга каалоочулардын баары эле кайрыла берсе болобу?
— Эларалык коомчулукта эмчек безинин формасын чоңойтуп, калыбына келтирүү боюнча азыркы учурдагы жалгыз панацея — силикон имплантанттары. Практикадан өткөн башка методдор денсоолукка зыян деп табылган. Капсулага куюлган силикон гели эмчек безине эмес, анын аржагына (схемада көрсөтүлүп турат — Н.А. ) салынат. Андыктан, эмчек безинин рак оорусу имплантант салуудан пайда болушу мүмкүн эмес. Мен имплантантты колтук аркылуу жана эмчектин астынан салуу методдорун колдономун. Бир жылдан кийин тигиштери билинбей, таптакыр жоголуп кетет. Операциядан кийинки оорчулук — негизинен организмдин коргонуу реакциясынан келип чыккан фиброз-капсулярдык контрактура. Башкача айтканда, организм капсуланын сыртынан «баштыкча» жасайт. Кээ бирөөндө ал баштыкча тор түрүндө болсо, кээ бирөөндө калыңдап, сезгенип ооруйт. Ошол сезгенген учур операциядан кийинки начарлоонун 15%ын түзөт.
Операцияга ким кааласа келсе болот деп айталбайм. Айрым айымдардын төшү бала эмизгенден кийинки учурларда өтө кичирейип же шелпейген формага келип калат. Же болбосо 18 жаштагы кыздын төшү жетилбей, эркек баланыкындай жалпак болсо, психологиялык проблемалар пайда болот. Негизинен бизге өзүнүн денесин сүйбөй, кадимкидей кайгыга батып кеткендер келишет. Көпчүлүк учурда жубайлар чогуу келип консультация алып, аялдар күйөөлөрүнүн материалдык, моралдык колдоосунда болот.
— Демек, төрөп, балдарды эмизүү учуру аяктагандан кийин келген туура турбайбы?
— Ал жагынан караганда ооба, анткени кош бойлуу кезде төшкө сүт толуп чоңойот, мындан силикон капсулалары, эмчек бези эчтеке болбойт, ал эми жапа тарткан төштүн териси жарылып кетиши мүмкүн. Төрөй элек, жалпак төштүү жаш кыздарга табигый формадагы имплантанттар коюлат. Дүйнө жүзү боюнча 4 млн. аялга имплантант коюлат, алардын көбү төрөп, бала эмизип жашап келишет. Аларды операция жолуна психологиялык начар абалы түртөт. Мен жакшынакай эле турган төшүн чоңойткусу келгендерге операция кылуудан баш тартам.
Бир пациенткам күйөөсү менен ажырашып, 2 жашар баласы менен калыптыр. Көп өтпөй күйөөсү көкүрөгү чоң аялга үйлөнүп алганын билгенде, ажырашуунун себебин өзүнүн төшү бала эмизгенден кийин кичирейип кеткенден көрүп, кадимкидей неврозго учурайт. Биздин операциядан кийин өзүнө баа берүүсү жогорулап, өзүнө-өзү ишеничи артып, экинчи жолу турмушка чыкты. Арзыганы чет мамлекеттик, учурда экөө Европанын бир шаарында жашашат. Жакында эле экинчи балалуу болгонун уктум. Дагы бирөөнө күйөөсү «мага ушундай эле жагасың» деп операцияга уруксат бербей койгон. Экөө чогуу консультацияга келгенде башкача көзкарашты айттым: «Дос, элестет, силер үч балалуу болдуңар, жубайыңдын төшү кыз кезиндегидей болуп турат, эгер сенин алигиң карандаштай болуп калса чыдайт белең?» десем, түшүндү окшойт.
— Силикон имплантанттарын дененин башка жерлерине койдуруу бизде кездешеби?
— Албетте. Жамбашы жалпак болсо, же буту кыйшык болсо, ийри такымга узатасынан кеткен капсула коюлат. Тубаса булчуңдары жакшы өнүкпөгөн жигиттер да келип төшүнө, бутуна, жамбашына койдуруп, психологиялык жактан өзүнө ишенимин бекемдеп кетишет. Эгерде адам өз кемчиликтеринен бактылуу болалбай кыйналып жашаса, пластикалык хирургияга кайрылуунун эмнеси жаман?
Сообщение «Операцияга «өзүнүн денесин «сүйбөгөндөр келет» 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.