Күмүш түстүү «Күзгү бал» 11.11.10.
Ар жыл сайын мектеп окуучулары ата-энелерге, досторго, мугалимдерге шаңдуу маанай тартуулап «Күзгү бал» уюштурулуп келет....
The post Күмүш түстүү «Күзгү бал» 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.
Ар жыл сайын мектеп окуучулары ата-энелерге, досторго, мугалимдерге шаңдуу маанай тартуулап «Күзгү бал» уюштурулуп келет. Ар мектепте күзгү бал ар кандай өткөрүлөт. Ошондой майрамдык кечени жакында эле Бишкек шаарынын №11 орто мектебинин окуучулары «Күзгү бал» аттуу конкурсун тартуулашты. Конкурс 4 этапта өттү. Саламдашуу-тааныштыруу, музыкалык номер, даамдуу тамак-аш жасоо жана кийимдердин дефилеси.
Конкурсту 1-4 класстын окуучулары майрамга карата өздөрүнүн декламацияларын, ачык класс саатын, сүрөт искусство жаатындагы көргөзмөлөрдү көрсөтүү менен башташты.
Андан кийинки этапта 5-7-класстын окуучулары күз мезгилине арналган буклеттер, экибано, ар түрдүү жер-жемиштерден сувенирлерди тартуулашып, элдерди таң калтырышты. Ал эми 8-чи класстын окуучулары «Күздүк фантазия» аттуу дубал газета конкурстарга катышып, байгелерге ээ болушту. Эң эле жоопкерчиликтүүсү бул акыркы конкурс болду, анда 9-10 жана 11-класстардын окуучулары катышты. Мындай кечени тек гана окуучулар эмес, алардын ата-энелери, башкы жетекчилери, мектептин бардык мугалимдери — окуу тарбия жагынан Юбурова Амина Вандизовна жана Жапанова Бурул Асанбековна өзгөчө күчтөрүн жумшап, майрамдык программаны даярдоо бөлүгүнө бардык шарттарды түзүп беришти. Ал эми көрүүчүлөр да уюштурулган майрамдык кече абдан жакшы өткөнүнө күбө болушту.
Эң эле оригиналдуу жана өзгөчө тааныштыруусун аткарган 11-В классынын окуучулары Мамонова Рома жана Асанканова Айсанат болду. Алар журналист-репортер катары бир канча мугалимдерден интервью алып, эң кызыгы — бул математика, химия, физика ж.б сабактарынан берген мугалимдердин кабыл алуусу болуп өттү. Анткени, ал интервьюда мугалимдердин үнү пленкага жаздырылып, мектеп окуучулары мугалимдин образын жаратышкан. Конкурста алып баруучулардын дагы актерлук жана репортерлук чеберчилиги аныкталды. Көрсөтүүнүн катышуучуларынын ичинен 10-В классы жаңы технологиялардын жардамы менен слайд-шоу түзүп, өзгөчөлөнүп чыгышты. Алып баруучу Гүлжамал менен Арслан чоң залдын сценасында туруп бири-бирин тааныштырып өткөнчө, чоң экранда алардын эс алуусу, көчөдөн, мектептен түшкөн сүрөттөрүн көргөзүп жатышты.
Ушул эле технологияны алар даамдуу тамак-аш жасоодо да колдонушту. Бул учурда алып баруучулар жюриде олтурган меймандарга даамдуу тамактарды дегустациялоого чакырышты. Бул конкурс бир гана жюрини эмес, залда олтурган элдерге да жакты.
Майрамдык кечеде 9-Б классынан Томоева Гульзат Төлөмүшовнанын классы да жакшы, мыкты номерлерин көрсөтө алышты.
Музыкалык номер тууралуу айта кетсек, мында техникалык жана аткаруу ыкмалары жакшы колдонулган. Конкурс жагымдуу, креативдүү музыканын коштоосунда өттү. Көрүүчүлөр өзгөчө 11-А классынын музыкалык номерин баалашты. Себеби, алар кичинекей нарис-телерди жетелеп чыгышып, өзүнчө оригиналдуу номер жарата алышты. Экинчиден, булар мектептин бүтүрүүчүлөрү мектептин шаан-шөкөтүнө акыркы ирээт катышып, эсте каларлык күн болуп өттү десек болот.
Чоң залдагы элди таң калтырганы — бул кийимдердин дефилеси болду. Кандай гана түстүү, ар башкача кийимдердин көргөзмөсүн тартуулашты. Алып баруучу Гүлжамал 10-В классынын окуучусу кадимки ойнолуучу карталардын жардамы менен костюмду кооздоп жасалгалап чыкты. Гүлжамал: «Карта ойноо — бул азартка берилүү, ал эми костюмду кооздоп койсоң — бул креативдүү, уникалдуу кийимдерге окшошуп калат»- деп өз пикирин билдирип кетти.
Конкурстардын эң таттуусу жана даамдуусу бул акыркы конкурс атайын күз мезгилине арналып даярдалган, тамак-аш, б.а «Күзгү гурман» аталган. Муну жана башка конкурсттарды жюринин жетекчиси жана мектептин директору Диканбаева Гулнара Нарынбаевна бардык уюштуруучуларга, окуучуларга, мугалимдерге терең ыраазычылыгын билдирип кетти. Жюриде улам кол чаап олтурган 5 жаштагы Эрланга да бул шоу абдан жакты, буюрса келечектеги директор десек жаңылышпайбыз.
Шаңдуу кеченин жыйынтыгын чечүү абдан оор болду, себеби бардык окуучулар конкурсттарга аябай жакшы даярданып, бийик деңгээлде болбосо дагы өздөрүнүн талантын элдин алдында тартуулап өтүштү. Бардык катышуучуларга грамота жана мыкты аткарылган номерлер үчүн баалуу белектер таратылды.
Мында 9-класстын ичинен 9-Г класс, 10-класстын ичинен 10-В класс, 11-класстын ичинен 11-В класстарынын окуучулары өзгөчөлөнүп, 1-орундарга ээ болушту.
10-В классынын күйөрман-дары Валерия, Асель жана Анастасия өздөрүнүн классына кол чабуулар жана ата-йын жасалган плакаттары менен колдоп турушту. Алардын айтымында: «Күзгү бал» шаңдуу, мурунку жылдарга салыштырмалуу өтө эле жакшы деңгээлде, тартынбай, ээн — эркин өздөрүнүн номерлерин көрсөтүштү. Бардыгына тынччылык, молчулук жана күзгү каникулду жакшы өткөрүүнү каалап өтүштү.
Асель Жамаева
Сүрөтчү: Владислав
Шишканов
The post Күмүш түстүү «Күзгү бал» 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.