World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Мен өз жүгүмдү акыр-аягына чейин тарттым» 11.11.10.

Азимбек Бекназаров
Вице-премьер министр:

Бул материал жарык көргөндө буйруса, мыйзамдуу бийлик -парламент өз ордуна отуруп калаар. Апрелден бери иштеп келаткан убактылуу да, техникалык өкмөттүн да озуйпасы ушуну менен аяктады. Ал кандай иштеди, эмнеге жетишти ж.б. туурасында вице-премьер министр А.Бекназаровдун пикирин сурап кайрылдык.

— Биринчиден, «Аалам» гезитинин чыгармачыл жамаатын кечээ-ки өткөн кесиптик майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кудай буюрса, жаңы парламент ишин жакынкы күндөрдө баштаганы турат, легитимдүү жаңы өкмөт түзүлөт. Андыктан биз, убактылуу өкмөт, анын мүчөлөрү эл алдында өз отчетубузду берүүнү туура көрүп турабыз.
Өзүңөр билесиңер, Убактылуу өкмөттүн негизги милдети — Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкарууну жокко чыгаруу эле, ал максатка жеттик. Кыргыз эли адегенде 7-апрелде, андан кийин июнда өткөн жалпы элдик референдумда өлкө үчүн жаңы парламенттик башкаруу жолун тандады. Андан соң Убактылуу өкмөт өз ордун өткөөл мезгилдин техникалык өкмөтүнө өткөрүп берди. Өткөөл мезгилдин президенти, өкмөтү 27-июндан тарта иштеп келди. Мында негизги максат жаңы Конституцияга ылайык, парламенттик шайлоону уюштуруп өткөрүү эле, бул турмушка ашты. Ошону менен бирге бийликти жаңы парламентке, жаңы өкмөткө тынчтык жолу менен өткөрүп берүү милдети, буюрса, саналуу күндө ишке ашканы турат. Буга өзүңөр күбө болосуңар. Элибиз үчүн эгемен тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй оор мезгил, бактыбызга жараша, артта калды деп эсептейм. Мында бизге тоскоол болууну эңсеген бардык ички, тышкы күчтөрдүн тилеги таш капты. Мындай ири жеңиш менен Кыргызстандын жалпы элин чын дилимден куттуктасам жарашат, мында менин да жеке үлүшүм болгонуна сыймыктануу менен бирге буга моралдык акым да бар деп эсептейм.
— Кечиресиз, коомчулуктун айрым бир катмарында УӨ бийликти күч менен тартып алды деген пикир айтылып жүрөт?
— Биздин максат мындай болбогонун өлкөдө болуп жаткан иштер тастыктап турат. Туура, 90 адамдын каны ушулардын абийиринде, булар мамлекетти башкара албайт ж.б.у.с. сөздөрдү көптөр жазышты, айтып да жатышат. Бирок революция өз максатына жетти деп өйдөдө айттым. Канчалаган азап, оорчулукка карабай, биз өз милдетибизди аткардык, революция көздөгөнүнө жетти, мындан ары Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу деген болбойт. Революциянын ээси кара-пайым калк да көздөгөнүнө жетти.
— Кайра эле баягы акаевчи, бакиевчилер келишти деген дооматка эмне айтаар элеңиз?
— Революциянын башында турган жетекчилердин бири катары айтайын, парламенттин ичинде мен жактырбаган инсандар, партиялар бар. Бирок ага карабай шайлоодо эл өзү тандаган партияга добуш берди, элдин тандоосу менин жеке симпатиямдан же антипатиямдан өйдө турат. Бул жерде негизги нерсе — бул революциянын саясий жеңишин камсыз кылдык, эми жаңы парламент, жаңы өкмөт анын социалдык-экономикалык милдеттерин ишке ашырууга тийиш. Андыктан булардын жасай турган революциясы алдыда деп эсептейм. Туура, парламенттин курамына карата сен айткан дооматтар бар. Бирок анын катарында нечендеген ири мамлекеттик посттордо иштешкен губернатор, аким, министр, премьер-министр болуп иштеген инсандар арбын. Аларда жеке чоң тажрыйба, билим, эң негизгиси — Кыргызстандын келечеги үчүн биргелешип иштөөгө каалоолору бар, ошондуктан булар элге жакшы кызмат өтөп берет деп ишенгим келет. Мен ошолордон суранат элем, жеке амбицияларды ары катып таштап, кыйналган, туруксуз абалдан тажаган калкыбыз үчүн жандарын үрөп иштеп берүүлөрү керек.
— Бүгүн Кыргызстанда эң коркунучтуу көрүнүш деп эмнени айтаар элеңиз?
— Жакшы суроо. Учурда Кыргызстанды эки жаман көрүнүш кысмактап турат. Бул улутчулдук шовинизм жана трайбализм. Жаңы парламент, партиянын лидерлери мына ушул экөөнө чек коюуга тийиш. Эгерде алар буга өзүлөрү аралашып кетишсе, анда мамлекетибиздин андан аркы тагдырын элестетип да болбойт.
— Апрель окуялары боюнча күнөөкөрлөр соттолот деп жатышат, качып жүргөндөр кутулуп кете береби?
— Учурда 29 адамдын үстүнөн сот иштери 16 -17 -ноябрдан тарта башталганы турат. Анын ичинен алты адам качып кетишкен. Бирок алар да жазадан буйтап кете алышпайт. Анткени биз жаңы Конституцияга ылайык кылмыш Кодексинде жол берилген сырттан соттоо практикасын биринчи жолу колдонгону турабыз. Буга ылайык, качып кеткендерге карата кандай өкүм чыгарылса, ошол бекинип жүргөн мамлекетте да токтоосуз жазага тартылат. Ошондой эле экономикалык кылмыштарга мунапыс жарыяладык, келгиле, уурдап жегениңерди кускула деп мүмкүнчүлүк бердик, бирок эч ким келбей койду, эми булардын да ишин сотко өткөрдүк.
— Биздин соттор муну калыс караар бекен?
— Кеп төркүнүн түшүнүп турам. Бирок биз мурдагыдай сотторго үстү жактан тапшырма берип элди жийирткенткен практикадан баш тарттык. Сот системасын бир сыйра тазалап, көптөрүн кызматынан алдык, сот системасында толук болбосо да дээрлик акыйкаттуулук орнотконго жетиштик деп айта алам. Биз аларга «Кысым көрсөткөн эч ким жок, мыйзам менен гана чечим чыгаргыла» дедик, мындан ары ушундай болот деп ишенем.
— Улутташтыруу аягына чыктыбы же уланып жатабы? Учурдан пайдаланып Убактылуу өкмөт жеке менчикти тартып алууда деген дооматтар да айтылып жатат?
— Жеке менчиктин бирине да тийген жокпуз. Эгерде кимдир бирөөлөр менчигимди тартып алышты дешсе анда сотко кайрылсын, биз буга да мүмкүнчүлүк түздүк. Минтпесек бирөөлөр бирөөнүн жеке менчигин тартып алып сатып, пайдага туйтунмак. 2005-жылы ушундай болбоду беле? Ошол сабакты эске алдык. Андыктан курулай кыйкыра берүүнүн эмне кажети бар? Улутташтыруу дагы эле жүрүп жатат. Жакында Акмат Бакиевдин «Салы — Ата» фондуна тиешелүү 4 объектини жана борбордук «Спартак» стадионунун кичи аренасын, Кожомкул атындагы спорт сарайынын түндүк жагына уланган курулуш имаратын (бардыгы 6 объект) мамлекетке кайтардык. «Айпери», «Нарын» рестораны, Шампан-шарап комбинаты, Көлдөгү участоктор боюнча тактоо, иликтөө иштери уланууда. Ушул иштердин аягына чыгуусуна көзөмөл жүргүзүп турууну мен төртүнчү бийлик ээлери болгон журналисттерден да суранаар элем. Кыскасы, көп объектилер же мамлекетке өтүш керек же чыныгы ээсин табышы керек. Эң оор участок түштүк эле, мен ал жакты да көзөмөлдөп келдим; өзүңөр билесиңер ички да, тышкы да айрым күчтөр «Түштүк коогалаңын кыргыздар өзүлөрү тынчыта албайт, соттук иликтөөлөрдү жүргүзө албайт» дешпеди беле? Мунун баарын өз күчүбүз менен, элге таянып туруп жасаганыбыз калппы, сырттан бир да күчтү, бир да тергөөчүнү жардамга чакырганыбыз жок. Соттук териштирүүлөрдү аяктоо алдында турабыз, бир нече адамдар өмүр бою түрмөгө отурганга жаза алып жатат, 20 жылга кесилгендерден тартып шарттуу соттолгондорго чейин бар. Айрым аттуу-баштуу эле адамдар, укук коргоочу уюмдар «бул улуттан же тиги улуттан көп соттолуп кетти» деп кыйкырып атышат. КГБнын тили менен айтканда, ушундай идеологиялык диверсияны Кыргызстанда кыргыздарга, ошонун ичинде мага да каршы жүргүзүп атышат. Мен ачык эле айтып коеюн, кылмыш болгон жерде улут деген жок, кыргызбы, өзбекпи, кимиси көп кылмыш жасады, түрмөгө отурушу керек, бүттү. Силер, журналисттер аларды коргогуңар келеби, коргой бергиле, кимисин болбосун. Бирок муну мамлекеттик деңгээлге чыгарабыз деп ойлоп да койбогула, бул колуңардан келбейт.
— «Манас» аэропортундагы керосин махинациялары туурасында айта кетсеңиз? АКШнын өкмөтү тендердин жыйынтыгын кайрадан карап чыгат деп эсептейсизби?
— Мурдакы козголгон иштер (2005-жылдын мартынан кийин) боюнча Либерман аттуу адвокат иш жүргүзүп аткан. Апрелден кийин мен АКШнын элчиси менен жолуктум. Бизге жардам беребиз дешкен. Бул маселени АКШнын Конгресси да караган. 2-3 ай мурда Либермандан, Клинтондун атынан бизге кат келген. Либермандын колундагы фактылар менен Конгресс-те кароого уруксат бересиңерби деп. Уруксат бергенбиз. Азыр «Вашингтон-постко» чыкты, «Мина Инкорперейшн», «Ред стар» менен кайра дагы келишим түзүп, узар-тып койду деп айтылып атат. Биздин ТИМ тарабынан бул боюнча нота жиберилген. Биздин укук коргоо органдары иштин аягына чыкканга чейин аталган фирмалар менен иштешпей кое туруу керек эле. Соттун жыйынтыгын күтүү туура болмок. Президент мага ушу ишти аягына чыгар деп тапшырма берди. АКШга кат жибердим, Либерман топтогон жана Конгрессте каралган документтердин көчүрмөсүн жибергиле деп. Жакын арада чечип калабыз деген ойдомун. «Мина Инкорпорейшен» да, «Ред стар» да адегенде Акаевдин, кийин Бакиевдин үй -бүлөлөрүнө таандык фирмалар болуп эсептелгени белгилүү. Булар кайра эле иштей берсе анда биз эмне үчүн мамлекеттик ишкана түздүк? АКШ өкмөтү бул тендердин жыйынтыгын кайрадан карап чыгууга тийиш деп ойлойм.
— Сизди ММКлар, айрыкча гезиттер армансыз шыбап келишти, окуп отурсаң Бекназаров өлкө ичиндеги монстрга айлангандай. Сиз чынында эле ушунчалык коркунучтуу адамсызбы?
— Туура, маалымат каражаттары мени тээ биринчи күндөн бери эле аеосуз «ур-тепкиге» алып келатышат. Адамдык ар намысыма, балдарым, үй -бүлөмө чейин асылып жатышат. Маселен, аттуу-баштуу «Вечерний Бишкек» гезити мени тимеле сандан-санга сериал кылып «эрмектеп» жазып келатат. Шамалдын кай тараптан согуп турганын мен эң сонун түшүнүп турам, ошондуктан кай бир күчтөр курал катары пайдаланып жаткан катардагы журналисттерге менин ныпым таарынычым жок. Биздин революциянын башкы максаттарынын бири — маалымат каражаттарына толук эркиндик берүү эле, биз ошону аткардык. Ал эми ким кандай жазып жатат, ал ар кимдин абийириндеги иш, бул башка маселе; бирок мен деле кан менен эттен жаралган пендемин, ыпылас, ойдон чыгарылган жалааларды жаап атышса менин да жүрөгүм ооруйт. Күч органдарына кураторлукту өзү эле ээлеп алды деп да жазышты. Мен бул кызматка суранып келген жокмун, президенттин өтүнүчү менен иштеп бергенге макул болгом. Мени ушундай оор участокко жиберип жатышканда эле мага кандай жүк артылып атканын, алдыда эмнелер күтүп турганын, кандай жерге баратканымды эң жакшы түшүнгөм. Мунун баарына алдын-ала даяр элем. Ошондуктан ишимди калыс баалагандан көрө көбүрөөк көө жапканга умтулган журналисттерге таарынычым жок. Ар кимибиздин ишибизге эл тараза, ар кимибиздин сотубуз — өз абийирибиз. Кантип жазышса ошентип жаза беришсин, мени бул жагы кызыктырбайт, мен үчүн маанилүүсү башты тобоколге сайган революциянын эл күткөн мүдөөлөрү ишке ашып жатканы.
— Кайсы бир ММКлар менен соттошоюн деген оюңуз барбы?
— Жок. Ошенткенге жаран катары укугум бар эле. Бирок мындай кылсам эртең эле Бекназаров «бийликке жетип алып, эми сөз эркиндигин муунтуп атат» деп айтып чыгышат. Мен жөнүндө эмнелерди гана жазышкан жок, мунун баарына чыдатып, чыйралткан нерсе — биздин жасап жаткан иштерибиз мындай ушак-айыңдардан алда канча маанилүү, баарын мезгил өзү таразалап, калыс баасын берет деген ойдомун.
— Мындан ары кандай пландарыңыз бар?
— Жаңы өкмөт түзүлгөн соң кыс-ка мөөнөткө эс алсамбы деп турам. Абдан чарчадым. Кийин жаңы өкмөт кызматташуу боюнча сунуш айтса карап көрөм. Бирок кызмат бергиле деп мен өзүм эч качан суранбайм.

Бахтияр Шаматов

11.11.10.

The post «Мен өз жүгүмдү акыр-аягына чейин тарттым» 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Тендер на установку систем наружного освещения объявили в Коломне

Прогноз погоды для России на выходные 21-22 сентября: в Москве и Санкт-Петербурге заморозки

Тукманов: «Допускаю обиду Карпина на слова Глушенкова»

Гостям праздника урожая Общественной палаты предложили устроить петушиные бои

Музыкальные новости

Росгвардия обеспечила правопорядок на футбольном матче «ЦСКА» - «Краснодар» в Москве

8 и 9 октября в Петербурге выступит Большой симфонический оркестр имени П.И. Чайковского

Бесплатный гастрогид МТС будет сопровождать жителей Коми в поездке в Кировскую область

Выставка «Времени живая нить» открылась в Доме народного творчества в Архангельске

Новости России

На платформе «Москино» появится афиша всех киномероприятий столицы

2016 • Регулярные хоккейные турниры "Прорыв" 02-05 ноября 2024г.

Значительный спад цен на новый iPhone ожидают на следующей неделе

алиса нет брыска

Экология в России и мире

8 и 9 октября в Петербурге выступит Большой симфонический оркестр имени П.И. Чайковского

Свыше трёх тысяч зависимых в Свердловской области уже приняли решение избавиться от смертельной привычки

По местам сказов Павла Бажова

Орган в Планетарии на Halloween

Спорт в России и мире

Tennis.com: Бывший тренер Шараповой и Мыскиной Роберт Лэнсдорп умер в возрасте 85 лет

Теннисистка Камилла Рахимова поднялась на 73-е место в рейтинге WTA

Александрова вышла во второй круг турнира WTA в Сеуле

Карен Хачанов проиграл 124-й ракетке мира во втором круге турнира в Ханчжоу

Moscow.media

Обновление Winlogon в RooX UIDM: адаптивная многофакторная аутентификация и брендирование

Солнечный денёк...

Ирина Дубцова запустила амбициозный проект для российских семей

Главным врагом хорошей улыбки россияне назвали цены у стоматологов







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *