"Милицияга жазган арызы каралган эмес". 23 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан ажал тапты
Кадамжайда 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты. Окуя 2-январда болгон. Маркумду жети жыл чогуу жашаган жолдошу сабагандан кийин эсине келбей каза болгон. Кылмышка шектүү кармалып, тергөө башталды.