Эки жашар наристенин өлүмүнө ким жооптуу?
Бишкектеги №3 балдар ооруканасында чарчап калган эки жашар наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Дене табы көтөрүлүп, оор дем алып келген наристе 13-январда чарчап калган. Анын ата-энеси дарыгерлерди шалаакылыкка күнөөлөп, милицияга кайрылган.