Бостери: 70тен ашуун тургун жеринен айрылабы?
Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 70тен ашык тургуну 2013-жылы кызыл китеби менен сатып алган жерлерин сот аркылуу мамлекетке алып коёт деп коркуп турган учуру. Ал тилкелерге конок үй салып же курулуш жүргүзүп жаткан тургундар маселенин калыс чечилишин күтөт.