Ош: Бала бакчадагы башаламандык
Ош шаарындагы бала бакчалардын биринин жетекчиси милицияга пара берүүгө айыпталып кармалды. Мунун алдында бала бакчада балдарды атайын тарбиялоо программасына туура келбеген диний сабактарды өтүп жатканы тартылган тасма интернетке тараган.