Милицияны сындаган журналист опузалоого шек саналып кармалды
![Милицияны сындаган журналист опузалоого шек саналып кармалды](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-07a3-08dc291f69ed_w800_h450.jpg)
Чүй облустук милициясы журналист Эрмек Аттокуровду “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча шек санап кармады. Ал өткөн жылы жазында кошунасы үйүнө келип сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканына даттанган эле. Ошол окуялардан кийин ИИМди соцтармактар аркылуу сындап жүргөн.