Кырк келинге ишкердикти үйрөткөн "Инсан Лейлек"
24 жылдан бери туруктуу иш алып барган "Инсан Лейлек" фонду Баткендеги коомдук демилгелерди колдоп, ар кыл долбоорлорду ишке ашырып келет. Чек аралаш аймактагы кыз-келиндердин жумушсуздук көйгөйүнөн тартып, коомду агартуу, мектептерди ысык тамак менен камсыздоо, айыл чарбасы, экология, социалдык көйгөйлөрдү чечүү багытында демилгелерди ишке ашыра алды. Учурда чек ара аймагында жашаган 40 кыз-келинди атайын окуудан өткөрүп, зарыл каржылык колдоого алып, үй-бүлөлүк ишкердигин жандантууга багыттап жатат.