Путинге каршы акциялар жана кармоолор. Орусиядагы президенттик шайлоо
Орусияда президенттик шайлоо соңуна чыгып жатат. Бул жолу алгачкы ирет добуш берүү үч күнгө созулду. Көз карандасыз байкоочулар жана эксперттер өнөктүктү эркин эмес жана атаандашсыз деп баалашууда. Оппозиция “Путинге каршы чак түш” деген акция өткөрүүгө үндөгөн.