"Советтик белги". Казак бийлиги гербди алмаштырууну сунуштады
Коңшу Казакстанда мамлекеттик гербди өзгөртүү сунушталып жатат. Казнетте бул сунуш түрдүү пикирлерди жаратты. Мындай демилгени казак президенти Касым-Жомарт Токаев көтөргөн. Ал муну азыркы гербде совет доорунун белгилери бар экени, композицияны кабылдоо кыйын болуп жатканы менен түшүндүрдү.