Москва: "Крокус Сити Холлдо" ок атуудан ондогон киши набыт болду
Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.