Орусияда кыргыз дипломаты полициянын басымына кабылды
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үй-бүлөсүнө орус полициясынын орой мамилесин айыптап, нота тапшырды. Орусия тарап окуяны териштирүүнү убада кылды.