Таласта жаңы үйлөр жыл айланбай бузулууда
Талас шаарындагы социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн берилген батирлердин бузулуп жатканын жашоочулар айтып чыкты. Ал үйлөрдү мындан 1,5 жыл мурда "Ас-Сафа" коомдук уюму куруп берген. Учурда батирлердин дубалдары үбөлөнүп, айрым үйлөрдүн дааратканасы иштебей калган.