Мадумаров камактан чыкты, мандат маселеси кандай чечилет?
Жети айдан бери камакта отурган Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан 26-апрелге оогондо, түнкү саат 12ден кийин чыкты.