"Милициянын үч полковниги кармалган". Маңзатка каршы күрөштөн майнап чыгабы?
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстан аркылуу сыртка, чет өлкөлөргө маңзат ташуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ аныкталганын, эки мүчөсү колго түшкөнүн билдирди. "Манас" бажысы менен чогуу жүргүзгөн операциянын негизинде ири өлчөмдөгү баңгизат алынганын маалымдады.