Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркияда Стамбул мэрине иш козголуп, оппозиция өкүлдөрү кармалды

Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуга каршы кылмыш иши козголуп, бир нече оппозициячыл саясатчы камакка алынды. "Настоящее время" телеканалынын маалыматына караганда, камалгандар арасында Түркиянын "Зафер" партиясынын лидери Үмит Оздаг, Түркиянын Республикалык элдик партиясынын лидери Өзгүр Өзел жана Стамбулдун Бешикташ районунун башчысы Рыза Акполат бар.


Түрк басылмалары Экрем Имамоглу Стамбулдун башкы прокурору Акин Гүрлек жана анын үй-бүлөсү тууралуу айткан сөздөрү үчүн "коркутуу" жана "терроризмге каршы күрөшкөн адамдарды куугунтуктоо" беренелери боюнча айыпталып жатканын жазышты. Маалыматка караганда, Имамоглу буга чейин телепрограммалардын биринде башкы прокурорго кайрылып, ал жана анын үй-бүлөсү тууралуу сүйлөгөн.




Мэр X социалдык тармагына эч кимдин балдарын коркутпаганын, "калыс адилеттүүлүккө" гана чакырганын жазып, тергөө жүрүп жатканын билдирди.


Оппозициялык "Зафер" партиясынын лидери Үмит Оздаг Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "кемсинткен" деген айып менен Анкарада кармалганын Cumhuriyet гезити жазды. Маалыматка караганда, саясатчы Стамбулга жеткирилди. Прокуратура ага карата кылмыш ишин козгоду. Буга ал  Түркиядагы сириялык качкындарды чыгаруу зарылдыгы тууралуу бир нече жолу айтканы, дин боюнча Эрдогандын саясатын сынга алганы себеп болгону кабарланды.


"Мен бул сөздү дагы миң жолу айтууга даярмын. Мени түрмөгө камап же атып салсаңар болот",-деди Оздаг камоо чечимине байланыштуу пикирин билдиргенде.


Саясатчынын камалышын түрк оппозициясынын өкүлдөрү сынга алышты.


Түркияда президентти мазактады деп айыпталгандар бир жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылат. (AiA)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *